Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян Александр Шохинге "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалын тапшырды
26 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

25-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохинге "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалын тапшырды. Тигран Саркисян Александр Шохин Бирликте ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон чоң ишти жүргүзүүдө, Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкерлеринин иш-аракеттерин бириктирүүгө өбөлгө түзүү менен, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин ишинде активдүү катышууда деп белгиледи. "РӨИБдин президенти катары Сиз евразиялык бизнестин глобалдык рыноктордогу статусун жогорулатууну өзүңүздүн ишмердигиңиздин приоритети кылдыңыз", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Словакиянын ишкердик коомдоштуктары ЕАЭБдин жана ЕБнын кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсүнө кызыкдар
26 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Чет элдик компаниялардын ЕАЭБдин аймагында иштеши маселелерине арналган эл аралык конференциянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосунда толук кандуу диалогду орнотуу зарылчылыгы тууралуу билдиришти. Конференция 21-ноябрда Братиславада (Словакия) болуп өттү.

Нидерланд жана ЕАЭБ кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө
25 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин, ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын башчылары жана Нидерланддын ишкердик жана илимий коомдоштуктарынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Нидерланд Королдугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн абалын жана аны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты. Амстердамда "Евразия экономикалык бирлиги жана Нидерланд: мындан аркы ишкердик кызматташтыктын перспективалары жана потенциалы" деп аталган презентация болуп өттү.

Сергей Глазьев: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы"
25 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарына (БУУ ТӨМ) жетүүсү экономиканын жөнгө салуунун улуттан жогорку чараларынын аракетинин астындагы тармактарында кыйла натыйжалуураак өтүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Бирликтин өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 22-ноябрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн эл аралык макроэкономикалык семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.

"Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирүүдө
25 Ноябрь 2019 | Техникалык жөнгө салуу

27-ноябрда "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 019/2011) ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 55 Чечими менен кабыл алынган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.

ЕАЭБдин бизнесин ЕБ менен биргелешкен диалогду түзүүгө чакырышты
22 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты | Соода

VI Москва эл аралык каржы-экономикалык форумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногунун европалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ЕАЭБдин жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков катышышты.

ЕАЭБ өлкөлөрү алгачкы евразиялык компанияларды түзүшүүдө
22 Ноябрь 2019 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

22-ноябрда Москвада "ПО «МЛМ Воздухотехника" ЖЧК россия-белорус ишканасынын лифт жабдууларынын жаңы линейкасынын презентациясы болуп өттү.

ЕЭК КНС алуу тутумун өркүндөтүү үчүн ведомстволор аралык электрондук сервистерди киргизүүнү сунуш кылууда
22 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Москвада КМШга катышкан өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин (СКЖКК) отурумунда билдирди.

ЕАЭБде Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын даярдоо боюнча консультациялар башталды
22 Ноябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун колдошту. Бул тууралуу алар ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 20-ноябрда "Транспорт жумалыгы – 2019" жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык форумунун жүрүшүндө болуп өткөн үчүнчү отурумунда билдиришти.

Тигран Саркисян: "Беш жылдын ичинде биз ЕЭКте ишеним атмосферасын түзө алдык"
22 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 21-ноябрда Россия Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатия курстарынын угуучулары үчүн лекциясынын жүрүшүндө айтып берди. Тигран Саркисян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ишине, Бирликтеги чечимдерди кабыл алуу тутумуна жана ЕЭКтин ишине токтолуп өттү. Атап айтканда, ал мамлекеттердин өлчөмүнөн жана башка факторлордон көз карандысыз, Бирликте чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынат деп баса белгиледи.