Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өнүгүү деңгээли боюнча МЕРКОСУР жана АСЕАНдан алдыда
26 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

Жаштыгына карабастан, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) өзүнүн өнүккөн институционалдык түзүмүнүн аркасында, интеграция деңгээли боюнча тарыхы тийиштүүлүгүнө жараша 30 жана 50 жылды түзгөн МЕРКОСУР жана АСЕАНдан алдыда, жана интеграция деңгээли боюнча Европа бирлигинен (ЕБ) гана калышат. Мындай жыйынтыкка Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) «Интеграция көрсөткүчтөрүнүн тутуму регионалдык интеграциялык бирикмелердин иштешин талдоонун аспабы катары» докладынын авторлору келишти.

ЕЭК жана ЮНКТАД инклюзивдүү экономикалык өсүштүн индексин иштеп чыгышты
26 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Соода жана өнүктүрүү боюнча кеңешинин 25-июнда Женевада өткөрүлгөн 66-ар жылдык сессиясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана ЮНКТАДдын «ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин инклюзивдүү өсүшү: баалоо жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталган докладынын презентациясы болуп өттү. Докладдын презентациясында ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая катышты.

Тигран Саркисян ШКУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышты
14 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 13-14-июнда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Кыргызстандын төрагалыгынын астында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты.

ЕАЭБ жана Вьетнам соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
13 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Вьетнам банктарынын ассоциациясынын анын генералдык катчысы Нгуен Тоан Тханг баштаган делегациясы 11-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында каржы кызматтарын көрсөтүү тармагында кызматташуунун перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда Комиссиянын соода боюнча министри Вероника Никишина жана ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков катышышты.

ЕАЭБ жана ШКУ кызматташтыкты тереңдетишүүдө
13 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ШКУнун генералдык катчысы Владимир Норов 13-июнда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин отурумунун алдында болуп өттү.

Доминикана Республикасы жана ЕАЭБ кызматташтыкты өнүктүрүүдө
10 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Доминикана Республикасынын саясат жана регионалдык интеграция министри Мигель Мехиа жана Доминикана Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Хосе Мануэль Кастильо Бетансес менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Доминикана Республикасынын ортосундагы диалогдун түзүлүшүн жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

ЕАЭБ жана АСЕАН бизнес-диалогду өнүктүрүшүүдө
10 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

«Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана АСЕАНдын өз ара мамилелеринин көтөрүлүп турган убагы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү Татьяна Валовая 8-июнда Петербург экономикалык форумунда (ПЭЭФ-2019) ЕАЭБ – АСЕАН бизнес-диалогун анын модератору катары ачып жатып белгиледи. Сессия Россия – АСЕАН Ишкердик кеңеши менен биргеликте уюштурулду.

ЕЭКте бажы кызматташтыгы боюнча министр дайындалды
07 Июнь | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Кыргыз Республикасынан жаңы мүчөсү (Министр) болуп Нурлан Акматов дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажылык жөнгө салуу маселелери кирет

ЕАЭБ Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
07 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Товар жүгүртүүнү көбөйтүү – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Латын Америка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги максаты болуп саналат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 5-июнда Комиссия тарабынан өткөрүлгөн семинарда билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Вице-премьерлери ПЭЭФте интеграциялык бирикменин негизги жетишкендиктерин жана анын кийинки беш жылга карата өнүгүү перспективаларын талкуулашты
07 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Петербург экономикалык форумунун алкагында орун алган «Евразия экономикалык бирлиги. Келечек стратегиясы» сессиясынын катышуучулары, алардын катарында – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ЕЭК Кеӊешинин мүчөлөрү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери Игорь Петришенко, Алихан Смаилов, Жеңиш Разаков жана Антон Силуанов, интеграциялык бирикменин негизги жетишкендиктерин жана анын кийинки беш жылга карата өнүгүү перспективаларын талкуулашты.