Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда
12 Ноябрь | Интеграция жана макроэкономика

Үзүрлүү кызматташтыкты өз ара алдыга койгондук жана аны көп тараптуу өнүктүрүү боюнча ишмердик кадамдарды жасоого даярдык Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев башында турган делегациясынын эл аралык Гавана көргөзмөсүнө (FIHAV-2019) катышуучу үчүн 6-8-ноябрдагы Гаванага сапарынын алкагында Куба Республикасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндөгү негизги тема болду.

ЕАЭБде контрафакттык продукцияны көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун түзүү сунушталды
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн "Антиконтрафакт-2019" эл аралык форумунун отурумунда контрафакттык продукцияны алып келүү, өндүрүү жана сатуунун, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринин Интернет тармагында мыйзамсыз таратылышынын аныкталган учурлары жөнүндө маалыматты каттоонун бирдиктүү тутумун түзүүнү сунуш кылды.

Армениянын алдыңкы университеттеринин биринин өкүлдөрү ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча ЕЭКтин иши тууралуу билишти
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

11-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаева Россия-Армян университетинин студенттеринин, аспиранттарынын жана мугалимдеринин алдында лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

ЕЭК "Энергетика жана электрлештирүү" ЕТП менен биргеликте экинчи евразиялык мамлекеттер аралык программаны башташмакчы
12 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин аянтчасында "Энергетика жана электрлештирүү" Евразия технологиялык платформасынын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде энергетика объектилеринин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" деп аталган евразиялык мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кеңири кеңешмеси болуп өттү.

ЕАЭБде Интернет тармагындагы контрафакт менен күрөшүү боюнча ишти активдештирүүдө
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

2016–2018-жылдар аралыгында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 50 миллиондон ашык контрафакттык товарлар жүгүртүүдөн алынды. Мыйзамсыз продукциянын жана пираттык контенттин көлөмдөрүнүн өсүшү көбүнчө Интернет-сооданын өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Санариптик чөйрөдөгү контрафакттык продукция жана пираттык контент менен күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү маселеси 12-13-ноябрда Ереванда өтүп жаткан "Антиконтрафакт-2019" Эл аралык форумунун "ЕАЭБдеги интеллектуалдык менчик: контрафактсыз келечек" деп аталган секциясынын ишинин жүрүшүндө негизги талкуу темасы болду.

ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы роумингдеги уюлдук байланыш кызматтарына тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
08 Ноябрь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

5-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аймактарында роумингде уюлдук байланыш кызматтары үчүн төлөмдү азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо боюнча кеӊешме болуп өттү. Иш-чарага «бешилтиктин» өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун, байланыш жана маалыматтык технологиялар маселелерин жетектеген министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Александр Субботин: «ЕАЭБде реалдуу секторду санариптештирүүнүн бирдиктүү тутуму түзүлдү»
08 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

«Санариптик трансформация Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн технологиялык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп калмакчы. Бул Бирликтин улуттук экономикаларынын кошулган нарктын глобалдык чынжырларына кошулушун камсыз кылат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 7-ноябрда Нью-Йоркто Америка-Россия ишкердик кеңешинин ар жылдык отурумунда билдирди.

ЕЭК жана ЕК: техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча диалогго башат коюлду
08 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

Европа бирлиги - Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат. ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн кыйла жагымдуу шарттардын түзүлүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Европа комиссиясынын өкүлдөрү менен ЕЭКте болуп өткөн жолугушууда билдирди.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү механизмдери жөнүндө айтып беришти
07 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн «МЖӨ жана инвестициялоонун ESG факторлору» Биринчи эл аралык форумунда катышышты.

ЕАЭБде өнөр жай саясаты керектөөчүлөрдүн жаңы жана кыйла татаал товарларга суроо-талабын канааттандыруунун негизинде түзүлүшү зарыл
06 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өнөр жайы бүткүл дүйнөлүк индустриалдаштыруу процессинин трендинде өнүгүүгө тийиш. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв Өнөр жай кызматташтыгы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНИДО) Генералдык конференциясынын 3-7-ноябрда Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмираттары) болуп өткөн 18-сессиясында катышуунун натыйжасында ушундай тыянакка келди.