Чыпка
Жаңылыктар
Багыт:
Датасына карай
баштап
чейин
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 |
Таможенно-тарифное регулирование
По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.
Виктор Назаренко: "Комиссиянын МАКта толук форматтуу катышуусун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү КМШнын Аткаруучу комитети менен талкууланмакчы"
14 Ноябрь
|
Техникалык жөнгө салуу
КМШнын
Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык
кеңешинин (МАК) катышуучу мамлекеттеринин аталган чөйрөлөрдөгү тутумдардын
улуттук операторлору болуп саналган, стандартташтыруу, метрология жана
аккредиттөө боюнча улуттук институттарынын ролун жогорулатуу зарыл, ал эми
МАКтын илимий-техникалык комиссияларынын жана мамлекеттер аралык техникалык
комитеттердин ишмердигин трансформациялоо зарыл. Бул алардын ишинин
натыйжалуулугун жогорулатууга жана аны эл аралык жана регионалдык уюмдардын
окшош органдарынын ишинин деңгээлине чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай
сунуштар менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын
техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 13-ноябрда
Шымкентте (Казакстан Республикасы) КМШ МАКтын стандартташтыруу, метрология,
сертификаттоо жана аккредиттөө боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин
кеңешмесинде чыгып сүйлөдү.
ЕЭК жана Фарер аралдары кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө
13 Ноябрь
|
Интеграция жана макроэкономика
12-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин
Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Фарер
аралдарынын Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хакун Дьурхуус Евразия
экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы
өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.
ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда
12 Ноябрь
|
Интеграция жана макроэкономика
Үзүрлүү кызматташтыкты өз ара алдыга койгондук жана аны
көп тараптуу өнүктүрүү боюнча ишмердик кадамдарды жасоого даярдык Евразия
экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын макроэкономика жана интеграция
боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев башында турган делегациясынын эл аралык
Гавана көргөзмөсүнө (FIHAV-2019) катышуучу үчүн 6-8-ноябрдагы Гаванага
сапарынын алкагында Куба Республикасынын жетекчилиги менен жумушчу
жолугушууларынын жүрүшүндөгү негизги тема болду.
ЕАЭБде контрафакттык продукцияны көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун түзүү сунушталды
12 Ноябрь
|
Экономика жана каржы саясаты
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн "Антиконтрафакт-2019" эл аралык форумунун отурумунда контрафакттык продукцияны алып келүү, өндүрүү жана сатуунун, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринин Интернет тармагында мыйзамсыз таратылышынын аныкталган учурлары жөнүндө маалыматты каттоонун бирдиктүү тутумун түзүүнү сунуш кылды.
Беттер: