Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК ЕАЭБдин ишканаларынын ортосундагы темир жол тармагындагы кооперацияга өбөлгө түздү
21 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Биз акыркы үч жылдын ичинде ЕАЭБге темир жол машина куруу продукциясын өз ара жеткирүүлөрдүн туруктуу өсүшүн байкоодобуз. Бирликте темир жол транспорту үчүн себилдегичтер менен өз ара соода жүргүзүү ушул жылдын акыркы үч кварталынын ичинде өткөн жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырмалуу дээрлик 50%га өскөн", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин бөлүм башчысы Дмитрий Ярошенко.

ЕЭК жана Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты
20 Ноябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Confindustria Russia Италия өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Эрнесто Ферленги менен жолугушту. Аталган жолугушуу 19-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин өнөр жай продукциясынын рыногу физикалык жана нарктык өлчөмдө өсүшүн улантты – 6,2% жана 2,2%га
20 Ноябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, транспорт, техникалык жана бажылык жөнгө салуу, өнөр жай чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты. ​

ЕАЭБде тышкы жана өз ара сооданын статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасын" иштеп чыгышууда
19 Ноябрь | Интеграция жана макроэкономика

Товарлар менен эл аралык соода жүргүзүүнүн статистикасы маселелери (ТЭСС) боюнча Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн эл аралык семинарда эксперттик коомдоштук Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.

ЕЭК Кеңеши бир катар товарларга карата милдеттүү түрдө маркалоонун киргизилишин жактырды, роумингдеги мобилдик байланыш кызматтары үчүн тарифтерди төмөндөтүү маселесин талкуулады, продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке аш
19 Ноябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иштеши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бир катар товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү, каржы саясаты, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
19 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

14-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын каржы рыноктору боюнча Консультативдик комитети жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы (ЕБДА) кызматташтык жөнүндө меморанду​мга кол коюшту. Меморандумга ЕЭК тараптан Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, ЕБДА тараптан – Ассоциациянын төрагасы Ваган Степанян кол коюшту.

Электрондук фитосанитардык сертификаттарды киргизүү фитосанитардык контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет
19 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

13-14-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн эл аралык семинардын катышуучулары эл аралык соодада электрондук фитосанитардык сертификаттарды колдонууну талкуулашты.

Тимур Жаксылыков ЕАЭБде жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгү тууралуу билдирди
15 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

"Евразия экономикалык бирлигинин окуу жайлары тарабынан бирдиктүү экономикалык мейкиндикте өздөрүнүн билимин колдонууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистердин даярдалышы – Бирликтин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу үчүн негизги кадамдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереван мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн лекциясынын жүрүшүндө билдирди.

Тигран Саркисян: "ЕАЭБде талдоо борборлору менен талкуунун негизинде чечимдерди кабыл алуунун жаңы башкаруу маданиятын түзүү зарыл"
14 Ноябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) талдоо борборлору менен кызматташууга кызыкдар. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 14-ноябрда Москвада Россия Федерациясынын Коомдук палатасында өткөрүлгөн "ЕАЭБ: тажрыйба, көйгөйлөр, өнүгүү жана коопсуздук приоритеттери" деп аталган I Евразия талдамалык форумунун пленардык отурумунда билдирди.

"Антиконтрафакт-2019" форумунда курулуш материалдарынын рыногундагы контрафакт менен күрөшүү боюнча бирдиктүү мамилелерди талкуулашты
14 Ноябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

"Аң тери буюмдарын маркалоонун оң натыйжаларын эске алуу менен, биз бул тажрыйбаны курулуш материалдары тармагына аталган чөйрөдөгү мыйзамсыз товар жүгүртүү менен күрөшүүнүн иштиктүү чарасы катары жайылтууга жана мындай биргелешкен долбоорду аракеттеги "Курулуш индустриясын камсыз кылуунун өнөр жай технологиялары" евразиялык техникалык платформасынын негизинде, аны талкуулоо үчүн аянтча катары колдонуу менен, ишке ашырууну сунуш кылабыз", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв.