Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегия Башчысынын ишин убактылуу аткаруучу, ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая: "Жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин толук укуктуу мүчөсү болуп калат"
06 Август 2015 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) келишимине Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо процедурасы аяктады. Евразия экономикалык комиссиясы Казакстандык Тараптан акыркы Нотанын келип түшүшүн күтүүдө. Ал келип түшкөндөн кийин Нота Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан депонирленет, жана Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин толук укуктуу катышуучусу болуп калмакчы.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери менен бирдикте ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташуусунун негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгышты.
03 Август 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

27-июлдан 31-июлга чейин Москвада Евразия Экономикалык Комиссиясынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн эксперттери менен ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Евразия экономикалык бирлиги батыштагы да, чыгыштагы да өнөктөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар»
30 Июль 2015 | Интеграция жана макроэкономика

29-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция менен макроэкономиканын негизги багыттары боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин (ЕАЭБ) аймагында бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар чет өлкөлүк ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Америкалык соода палатасынын аянтчасында болду. Иш-чарага 60тан ашуун чет мамлекеттик компаниялардын, ошондой эле Финляндия, Швейцария жана АКШнын дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышты.

ЕЭК эксперттер менен бирдикте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн маселелерин талкуулады
30 Июль 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

29-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясы Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РСПП) агро өнөр жай комплекси (АӨЖК) боюнча комиссиясы менен бирдикте Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин айыл чарба өндүрүмүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү маселелерине арналган тегерек үстөл өткөрүштү. Иш-чарага Армениянын, Беларустун, Казакстан жана Россиянын агробизнесинин, АӨЖК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жана илимий мекемелеринин 60тан ашуун өкүлү катышты.

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Кубанын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту
29 Июль 2015 | Интеграция жана макроэкономика

28-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция менен макроэкономиканын негизги багыттары боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин иштериндеги убактылуу ишенимдүү кызматкери Натача Диас Агилера менен жолугушуусу болуп өттү.​

ЕЭК эксперттери ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде 2015-жылдын январь-март айлары үчүн макроэкономикалык тенденцияларга чейректик сереп даярдашкан
28 Июль 2015 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаменти 2015-жылдын биринчи чейреги үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде түптөлгөн макроэкономикалык тенденцияларга аналитикалык баяндама жана ЕАЭБ экономикасынын өнүгүүсүнө 2015-2017-жылдарга прогноз даярдашты.

ЕАЭБнын координацияланган өнөр жай саясатына Армениянын кошулушу армян өнөр жай комплексинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт
22 Июль 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Дискуссиянын Модератору ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөржай комплекс маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский болду. Иш чарага ЕЭК Коллегия Мүчөсү (Министр) Роберт Арутюнян, Армениянын өнөр жана айыл чарба тармагы боюнча ыйгарым укуктуу министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле армян бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн ачылган «жайкы мектеп» өз ишин аяктады
21 Июль 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20- июлда Москвада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш эксперттери жана журналисттери үчүн ачылган «Евразия экономикалык интеграциясы: артыкчылыктар, перспективалар, инструменттер» «жайкы мектеби» өз ишин аяктады, аны Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Эл аралык иштер боюнча Россия кеңеши (ЭИРК) уюштурушкан.