Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин жана КМШнын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдары пандемия шарттарындагы жалпы мамилелерди аныкташты
19 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Молдованын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Грузиянын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын жетекчилери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Консультативдик комитетинин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин 18-июнда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн биргелешкен отурумунда пандемия мезгилинде керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин талкуулашты.

Тоскоолдуктарсыз соода: кемчиликтер жана аларды жоюу жолдору
19 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

18-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жана ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигиндеги ички соода маселелерин карап чыгышты жана бир катар конструктивдүү чечимдерди белгилешти. Жаңы аспаптар жана жаңы чечкиндүү аракеттер керек деп белгиленди.

ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору болуп Ваагн Казарян дайындалды
19 Июнь | Соода

Ваагн Рудольфович Казарян 1973-жылдын 11-февралында Москвада төрөлгөн. 1994-жылы Ереван мамлекеттик университетин "Радиофизика" адистиги боюнча бүтүргөн.

Михаил Мясникович Кубатбек Бороновду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады
18 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кубатбек Бороновго анын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

Виктор Назаренко: "ЕАЭБде мамлекеттер аралык стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар керек"
18 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык стандартташтырууда катышуусун координациялоонун жана продукцияга коюлуучу бирдиктүү милдеттүү талаптарды аткаруу үчүн стандарттардын заманбап базасын түзүүнүн так эрежелерин белгилөө зарылдыгы келип жетти. Бул товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өнөр жайдын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн керек. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын Жетекчилер кеңешинин Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында болуп өткөн 5-отурумунун жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК Бирликтин компанияларына чет элдик долбоорлорду илгерилетүүгө жардам берүүдө
18 Июнь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв жана "Росгеология" АКнын башкы директору – Башкармасынын Төрагасы Сергей Горьков эркин соода аймактары жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча "жол картасына" кол коюшту.

ЕЭК Коллегиясы жай мезгилинин аягына чейин ЕАЭБден күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгиледи
16 Июнь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы жай мезгилинин аягына чейин Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда аталган продукциянын экспортуна тыюу салынган. Аталган тыюу салуу 2020-жылдын 30-июнунда аяктайт. Андан кийин 31-августка чейин экспорт боюнча уруксат берүү тартиби аракеттенмекчи.

Балдардын азыктануусу үчүн ичүүчү сууга карата стандарттардын тизмеги кеңейтилди
16 Июнь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый жана минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕЭК жана ЕККУ COVID-19 пандемиясынын шарттарында өз ара аракеттенүүнү улантышууда
16 Июнь | Интеграция жана макроэкономика

Ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу, стабилдүү каржылык шарттарды түзүү, контракттарды түзүү процесстерин жана мамлекеттик сатып алууларды санариптештирүү, ошондой эле санариптик технологиялардын аркасында экономикалык ишмердикке кеңири сандагы катышуучуларды тартуу – бул темалар ЕККУнун 28-чи Экономикалык-экологиялык форумунун экинчи даярдык жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Алексей Сушкевич дайындалды.
15 Июнь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Алексей Геннадьевич Сушкевич 1966-жылдын 4-июлунда төрөлгөн. 1988-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну бүтүргөн. 1992-жылы Россия илимдер академиясынын АКШ жана Канада Институтунда АКШнын жана Европа экономикалык коомдоштугунун технологиялык алмашуусу темасы боюнча кандидаттык диссертацияны жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.