Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча долбоор бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
30 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бирликтин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясынын тармагын түзүү боюнча демилгенин алдын ала экспертизасы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын төрагалыгы астында, ЕЭКтин эксперттеринин, бизнестин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусу менен санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча эксперттик аянтчанын отурумунун жүрүшүндө өттү. Октябрда долбоордук документация мүчө мамлекеттердин талкуусуна коюлат, андан соң аны Комиссиянын Кеңеши карайт деп пландаштырылууда. Демилге 2019-жылы ишке ашырылышы мүмкүн.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.

ЕЭК кытай подшипниктерине демпингге каршы алымдын аракетин узартты жана ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлады
22 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 21-августтагы отурумунда соода, ички рыноктордун иштеши, техникалык жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Кытайдан келүүчү термелүү подшипниктерине карата демпингге каршы алымдын аракетин узартты, балык өстүрүү үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүнө бажы алымдарын жойду, ЕЭКтин жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.

Мүчө мамлекеттер ЕАЭБдин рыногундагы кезектеги алда канча опурталдуу тоскоолдуктарды аныктады, аларды ЕЭКтин Кеңешинде 24-августта каралат
13 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Айрым чөйрөлөрдө мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алууларга жеткиликтүүлүктү, байланыш каражаттарынын, анын ичинде планшеттердин жана мобилдик телефондордун шайкештигин баалоо жөнүндө документтерди өз ара таанууну, мамлекеттик чек аранын россия-белорус участогун Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) башка мамлекеттеринин жарандары кесип өтүшүн чектөөнү, административдик укук бузуулары бар болгон учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салууну, айдоочуларды даярдоого карата талаптарды шайкеш келтирүү зарылчылыгын жана ЕАЭБдин ички рыногунун башка маселелерин 8-августта Ички рыноктордун иштеши боюнча консультациялык комитетте талкуулашты.


Санариптик түгөйлөштөр миллиарддаган долларларды иштеп табууга жардам берет
10 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Эксперттердин болжолдору боюнча, беш жылдан кийин санариптик түгөйлөштөр сыяктуу өнүмдөрдүн рыногу 16 млрд АКШ долларына жетет. Глобалдык экономикада жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашырууда санариптик түгөйлөштөрдүн ролу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 9-августтагы семинарында талкууланды.


Сөздү ЕАЭБдин Соту айтат: спортсмен-легионерлер жөнүндө маселени кароо күнү дайындалды
07 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

12-ноябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун жыйналышы өтөт, анда Бирликтин укугуна ылайык спортсмендердин улуттук спорттук иш-чараларга катышуусуна жарандыгына жараша сандык чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө маселе каралат. Арыз берүүчү Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) болду, ал ушул маселе боюнча консультативдик корутундуну сурап сотко кайрылды.

Вице-премьерлер ЕЭКтин Кеңешинде ЕАЭБдин ички рыногундагы эң кылдатбеш маселени талкуулайт
11 Июль 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы эң кылдат тоскоолдуктар, ошондой эле аларды четтетүү боюнча иш-чаралар Ички рыноктордун иштеши боюнча консультативдик комитеттин бешинчи отурумунда талкууланды. Буга окшогон тоскоолдуктардын арасында – электрондук санариптик колтамганы өз ара таануу, айрым чөйрөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга жетүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинүүчү айрым товарларга контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу учурларына жол бербөө, Бирликтин бардык өлкөлөрүндө ветеринардык контролдун (көзөмөлдүн) тутумун өз ара таануу, Бирликтин мамлекеттеринен жөнөтүлүүчү алкоголдук продукцияга карата камсыз кылуу төлөмүн алуу маселеси.​

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларга карата контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу түрүндөгү тоскоолдук четтетилет
10 Июль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рынокторун бажылык жөнгө салуу, алардын атаандаштыгынын жана иштешинин маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда каралды. ЕЭК Кыргыз Республикасынын өз ара соодадагы тоскоолдукту четтетүүгө даяр экендигин белгиледи, ак ниет эмес атаандаштыктын белгилери жөнүндө ишти кароо токтотулду, көпүрө краны классификацияланып, Комиссиянын ырастоочу борбору жөнүндө жобо бекитилди.​

Казакстан Республикасы ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында санариптик демилгелерди көрсөттү
06 Июль 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Казакстандык бизнес-коомдоштук Астана шаарында 4-июлда болуп өткөн «Казакстан Республикасынын ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагындагы санариптик демилгелери» тегерек столунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында мүмкүн болуучу ишке ашырууга карата «Ачык маалыматтарды пайдалануу», «Чакан жана орто бизнес үчүн ачык санариптик платформа» жана «Электрондук лицензиялоо» аттуу потенциалдуу демилгелердин презентациясын өткөрдү​

Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ЕАЭБде жөнгө салуучу «кум аянтчалары» түзүлөт
05 Июль 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

3-июлда Астанада жөнгө салгыч «кум аянтчалар» тутумун түзүү боюнча эксперттик аянтчанын экинчи отурумунда Евразия экономикалык бирлигиндеги жөнгө салгыч «кум аянтчаларынын» иши жана алардын максаты талкууланды.​