Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун 2019-жылдагы жыйынтыктары чыгарылды
26 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

2019-жылда «Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунда биринчи орунду SmartCheck долбоору – товарлардын аныктыгын микрочиптердин жардамында текшерүү үчүн платформа ээледи, Армения Республикасы. Экинчи орунда – E-Agro-Map – электрондук айыл чарба карталарын өндүрүү боюнча долбоор, Кыргыз Республикасы. Үчүнчү орунда – AgroStream – агроишкананын процесстерин башкаруу боюнча чечим болуп саналган долбоор, Казакстан Республикасы. «Бизнес-өнөктөштөр банкы» – Сбербанктын импорт жана экспорт үчүн чечимдер жана сервистер долбоору, Россия Федерациясы – жана «ЕАЭБде онлайн соода жүргүзүү үчүн универсалдуу төлөм агрегатору» – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн бирдиктүү төлөм платформасы, Беларусь Республикасы – «Евразия экономикалык комиссиясынын сүймөнчүктөрү» категориясында жеңишке ээ болушту.

Кыргыз Республикасында «Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
24 Сентябрь 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун жарым финалынын 2019-жылдын Кыргыз Республикасындагы жеңүүчүлөрү E-Agro-Map (электрондук айыл чарба карталары), «Вэст Азия» (өндүрүш участогундагы шайкешсиздиктерди жана бузулууларды каттоонун санариптик тутуму) жана MyCargo.su (ЕАЭБ мамлекеттериндеги жүк ташуулар үчүн маркетплейс) болду.

Карине Минасян: «ЕАЭБдин тоскоолдуктарсыз бирдиктүү рыногун санариптик ачыктыкка негизделген өздүк тартип аркылуу гана түзүүгө болот»
10 Сентябрь 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин рынокторун бириктирүү маселелери талкууланмакчы. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян «ЕАЭБдин ички рыногу – мифтер жана реалиялар» деп аталган панелдик талкууда катышмакчы.

ЕАЭБде «Бир түргө келтирилген «Чексиз жумуш» издөө тутуму» долбоору башталмакчы
10 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

9-сентябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ички рыноктордун иштөөсү, эл аралык кызматташтык, эмгек миграциясы, бажылык жөнгө салуу, каржы жана салык саясаты, санитардык-ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, атаандаштык жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

Карине Минасян: «ЕАЭБдин тоскоолдуктарсыз бирдиктүү рыногун санариптик ачыктыкка негизделген өздүк тартип аркылуу гана түзүүгө болот»
10 Сентябрь 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин рынокторун бириктирүү маселелери талкууланмакчы. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян «ЕАЭБдин ички рыногу – мифтер жана реалиялар» деп аталган панелдик талкууда катышмакчы.

Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнөн чыккан товарлардын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жоюуда
05 Сентябрь 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россельхознадзор Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) буга чейин казакстандык беш ишканага карата киргизилген, Россия Федерациясына мал чарбачылыгынын продукциясын жеткирүүгө чектөөлөрдүн жоюлгандыгы тууралуу маалымдады.

«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун жарым финалы Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» көргөзмө форумунун алкагында болуп өтмөкчү
20 Август 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун жарым финалы 13-сентябрда Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» универсалдуу регионалдык соода-өнөр жай көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлмөкчү (Ереван ш., А. Акопян көч., 3-үй, «Ереван EXPO» көргөзмө комплекси).

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы маселелери боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө чечимдерди кабыл алды
09 Август 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 9-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы жана бир катар башка маселелер боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК какао өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмунун аракетин узартты, ысык чоюлган каӊылтырга карата атайын коргоо чарасын колдонду
07 Август 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 6-августта соода, бажылык кызматташтык, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, санитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, экономиканы санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Маркалоо – ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын эркин жылышын камсыз кылуунун маанилүү аспабы
05 Август 2019 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Москвада өз аянтчасында өткөргөн, ишкерлердин кезектеги консультацияларынын темасы болду.