Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде Беларуста өндүрүлгөн уй этин Россиянын аймагы аркылуу өткөрүү калыбына келтирилди
07 Июль | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россельхознадзор 6-июлдан тарта айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россия Федерациясынын аймагы аркылуу ЕАЭБ мамлекеттерине алып өтүүдөгү чектөөлөрдү жойду.

ЕЭК Россияны ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды
01 Июль | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

30-июнда ЕЭК Коллегиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча Россияны Евразия экономикалык бирлигинин укугун аткаруу зарылчылыгы тууралуу маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Коллегия Россельхознадзордун айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүнү жана анын аймагы аркылуу Бирликтин мүчө мамлекеттерине алып өтүүнү чектөө боюнча аракеттерин ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук катары квалификациялайт.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси боюнча жумушчу топту түздү
30 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-июнда болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө тескеме кабыл алынды. Жумушчу топту ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектейт.

ЕЭКтин маалыматтык технологиялар департаментинин директору болуп Павел Ткач дайындалды
01 Июнь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Павел Николаевич Ткач 1978-жылдын 15-ноябрында төрөлгөн. Белорус мамлекеттик информатика жана радиоэлектроника университетин "Телекоммуникациялык тутумдар" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктарды жоюунун натыйжаларын карап чыкты
28 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Кеңеши Бирликтин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктарды жоюунун натыйжаларын карап чыкты 27-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы эң сезимтал тоскоолдуктар каралды жана аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

ЕАЭБде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуу эрежелери жеңилдетилди
18 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуудагы талаптар жеңилдетилди. Россия Федерациясы Евразия "бешилтигинин" ички рыногунда мындай продукцияны өз-өзүнчө ташуу жөнүндө талаптарды жойду. Бул тууралуу ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян билдирди.

ЕАЭБде бир катар товарларды бажылык декларациялоо жоюлду
13 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россия товарлардын айрым топторуна карата милдеттүү бажылык декларациялоону жойду, алардын катарында – көмүр, чым көң, спирттер, витаминдер жана башкалар, Россиядан Беларуска алынып чыгуучу чийки мунай жана мунай өнүмдөрүнөн сырткары.

Евразия спутниктери учурууга даярданышууда
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 28-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоо (ЖАБ) маалыматтарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы глобалдык кооперациялык долбоорун жактырды.

ЕЭК Коллегиясы Арменияны ЕАЭБде товарларды эркин өткөрүү режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдады
10 Март | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Армения Республикасына ЕАЭБ мамлекеттерине алынып чыгуучу товарларга (токой материалдары, кен, кара металлдардын калдыктары жана сыныктары, түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары) карата уруксаттарды жана алымдарды жоюунун зарылдыгы тууралуу билдирди. Алар 2012-жылы Армения Республикасынын "Маалыматтык алым жөнүндө" мыйзамы менен белгиленген.