Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси боюнча жумушчу топту түздү
30 Июнь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-июнда болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө тескеме кабыл алынды. Жумушчу топту ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектейт.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору болуп Алексей Сушкевич дайындалды.
15 Июнь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Алексей Геннадьевич Сушкевич 1966-жылдын 4-июлунда төрөлгөн. 1988-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну бүтүргөн. 1992-жылы Россия илимдер академиясынын АКШ жана Канада Институтунда АКШнын жана Европа экономикалык коомдоштугунун технологиялык алмашуусу темасы боюнча кандидаттык диссертацияны жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директорунун орун басары болуп Татьяна Чеснокова дайындалды
01 Июнь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Татьяна Николаевна Чеснокова 1980-жылдын 2-мартында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик областтык университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы академиясын "Каржы жана насыя" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЖЕЭК: Бирликтин чек ара аралык рыноктору "жумшак" жөнгө салынмакчы
19 Май | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча Евразия экономикалык бирлигинде кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө 2019-жыл үчүн ар жылдык отчётту жактырды.

ЕЭК чек ара аралык рыноктордогу атаандаштык эрежелеринин сакталышын контролдоодо
24 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы өзүнүн атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ишмердигинин приоритеттүү багыттарын белгиледи. ЕЭК Коллегиясы 24-мартта Москвада болуп өткөн отурумда тийиштүү ар жылдык отчёттун долбоорун жактырды. Аны Жогорку Евразия экономикалык кеңеши карап чыккандан кийин ал Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында жарыяланмакчы.

Беларуста кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү узартылды
18 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Беларуста ак кристалл кантына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2020-жылдын 31-мартынан 31-декабрына чейин узартылышын макулдашты.

ЕЭК мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдамакчы
03 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы 3-мартта мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуну аныктоо механизмин карап чыкты.

ЭКӨУ Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна сереп даядамакчы
31 Январь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши 30-январда Алматада (Казакстан) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) атаандаштык укугуна серептин жүргүзүлүшүн жактырды.