Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин товарларына жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшүн жактырды
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Россия Федерациясынын эркин экономикалык аймактарына (ЭСА) импорттолгон Бирликтин товарларына карата КНСти мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. КНСти төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу 180 календардык күнгө берилет.

ЕЭК Кеңеши "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырды
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине мал союу өнүмдөрүн жана эт продукциясын маркалоодо алардын азыктык баалуулугун көрсөтүү боюнча талаптарды киргизүү болжолдонууда. Бул өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү иштеп чыгуучу катары россиялык тарап аныкталды, ал эми мамлекеттик ички макулдашууларды аяктоо 2021-жылдын экинчи кварталына белгиленди.

Сүрөт түшүрүү үчүн фольгага карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин сакталмакчы
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Аталган чараны узартуу боюнча чечим 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта пайда болгон укук мамилелерине жайылтылат. Буга чейин бул чара 2016-жылдын 4-мартынан 2019-жылдын 31-августуна чейин колдонулуп келген. Аталган мезгилдин ичинде товардын импорту өскөн, ал эми фольганы колдонуу менен даярдалган басма продукциясынын импорту кыскарган.

Евразия экономикалык форуму 19-майда Минскте өткөрүлмөкчү
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык форуму (ЕЭФ) жөнүндө жобону бекитти.

Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын үстүнөн иш аяктоодо
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун дагы бир нече позицияларын макулдашышты. Талкуу 21-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедевдин жолугушуусу
21 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 21-февралда Комиссиянын Москвадагы штаб-квартирасында КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушту.

РИАнын Илимий кеңеши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясын илимий колдоону камсыз кылмакчы
19 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Россия илимдер академиясынын евразиялык экономикалык интеграциянын комплекстүү маселелери, модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана туруктуу өнүгүү боюнча Илимий кеңеши Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын илимий колдоону жана ишке ашырууну камсыз кылмакчы. Мындай чечим 19-февралда РИАнын Президиумундагы отурумда кабыл алынды.

ЕЭК Коллегиясы электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун орнотулушун колдоду
18 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

18-февралда ЕЭК Коллегиясынын отурумунда ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын аягына чейин электромобилдерге карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмун орнотуу жөнүндө чечиминин долбоору колдоого алынды. Аталган чаранын аракети жеке жактар тарабынан чек ара аркылуу алып өтүлүүчү товарларга да жайылтылат.​

Министр ЕЭК Тимур Жаксылыков: «Решения Евразийской экономической комиссии должны обеспечивать единство таможенного регулирования в Союзе»
18 Февраль | Экономика жана каржы саясаты | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, техникалык жөнгө салуу жана бажылык тескөө-башкаруу жаатындагы беш чечиминин долбоорлорун карап чыкты.​

ЕЭК Коллегиясы оптикалык булаларды өндүрүү үчүн эпоксид чайырларына жана полиуретандарга карата нөлдүк алып келүү бажы алымдарынын орнотулушун колдоду
18 Февраль | Соода | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин Бажы номенклатурасында оптикалык булаларды өндүрүү үчүн эпоксид чайырларынын айрым түрлөрүнүн жана баштапкы формадагы полиуретандардын бөлүнүп көрсөтүлүшүн жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин аларга карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин нөлдүк алып келүү бажы алымдарынын орнотулушун колдоду. Аяккы чечим ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынат.​​