Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты
25 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Аткаруучу комитетинин чакыруусу менен КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты. Отурум 25-октябрда Москвада болуп өттү.

ЕЭК жана Африка бирлигинин Комиссиясы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
24 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

24-октябрда Сочиде болуп өткөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Африка бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана АБКнын Төрагасы Муса Факи Махамат кол коюшту.

Тигран Саркисян: "Талкуунун эң мыкты формасы – эгер регионалдык бирикмелер сүйлөшүүлөр столуна отуруп, эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн адилеттүү канондору жөнүндө талкууну башташса"
24 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда "ЕАЭБ – Африка: интеграциялык процесстерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн тенденциялары жана перспективалары" деп аталган сессияда глобалдык дүйнөдө теңдешсиздиктердин пайда болушу, кээ бир өлкөлөр тарабынан протекционизмдин колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдүн болушун белгилеп өттү. Аталган иш-чара алгачкы "Россия – Африка" Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү.

Тигран Саркисян: "ЕАЭБ үчүн тең укуктуулук, кызыкчылыктарды өз ара эске алуу, биздин өлкөлөр үчүн фундаменталдык баалуулуктар, кадырдуулук жана адилеттүүлүк категорияларына өзгөчө мамиле жасоо мүнөздүү"
23 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Африка бирлигинин учурдагы Төрагасы, Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 23-октябрда Сочиде алгачка "Россия – Африка" Экономикалык форумунун жана саммитинин алкагында болуп өткөн жумушчу эртең мененки тамактанууда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Африканын ири регионалдык бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүнүн перспективаларын, ошондой кызматташтыктын потенциалын талкуулашты.

Тигран Саркисян: "ЕАЭБ – биздин бардык беш өлкө үчүн алардын ички потенциалын, анын ичинде техникалык потенциалын ишке ашыруу үчүн уникалдуу шанс"
23 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

"Биз Европа бирлигинин, Кытай Эл Республикасынын санариптик стандарттарынын жана биз Евразия экономикалык бирлигинде иштеп чыгып жаткан стандарттардын салыштырмалуулугунун болушуна кызыкдарбыз. Биз мындай техникалык диалогду Европа бирлигиндеги жана КЭРдеги кесиптештерибиз менен баштаганбыз. Өткөн жылдын май айында алар менен Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүп, биздин стандарттардын өз ара шайкештигин камсыз кылуу үчүн, анда алгачкы жолу санариптик күн тартибибизди да белгилегенбиз", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 22-октябрда Москвада "Ачык инновациялар – 2019" Москва эл аралык инновациялык өнүктүрүү форумунун пленардык отурумунда сөз сүйлөп жатып билдирди.

ЕАЭБде индустриалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тутумдук стратегиялык пландоо менен санариптик инвестициялык платформа түзүлмөкчү
22 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 21-октябрда өнөр жай кызматташтыгы, макроэкономика, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногунун иши жаатындагы маселелерди карап чыкты.

ЕЭК Бүткүл дүйнөлүк банк менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
16 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Вашингтондо Бүткүл дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Бүткүл дүйнөлүк банктын жетекчилиги, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын Евразия регионундагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Тигран Саркисян: «Чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы – биздин Бирлик үчүн чакырык, анын ичинде транзиттик потенциалды ишке ашыруу жаатында»
16 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагындагы панелдик сессияда транзиттик потенциалды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Иш-чара 30-сентябрда Ереванда «Тумо» креативдүү технологиялар борборунда орун алды.

Евразия эксперттери ЕАЭБ жөнүндө: Бирликтин өнүгүү жана өсүү потенциалы чоң
15 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы, Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) узак мөөнөттүү стратегиялык пландоо тутумун өнүктүрүү, бардык өлкөлөр үчүн бирдиктүү стратегияны түзүү, макулдашылган саясаттарды жүргүзүү, жалпы гуманитардык мейкиндикти түзүү, Евразия күн тартибин туризм, илим, билим берүү, спорт, маданият сыяктуу тармактарды кошуунун эсебинен кеңейтүү – Бирликтин натыйжалуу иштеши үчүн жакынкы келечекке карата милдеттер. Мындай тыянакка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү келишти.

ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты
14 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура

14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай кызматташтыгы, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногу, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура, макроэкономика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыгышты.