Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңеши ЖЕЭКтин отурумунун күн тартибинин маселелерин карап чыкты
02 Ноябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Астанада (Казакстан Республикасы) болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграция, соода, өнөр жай, транспорт, экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндө чечимдер кабыл алынды.

«Евразия жумалыгы» ЕАЭБде интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү жаратты
25 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Ереванда (Армения) 22-24-октябрда болуп өткөн «Евразия жумалыгы» эл аралык көргөзмө форуму аяктады. Бийлик өкүлдөрү, жөнгө салуучулар, рыноктун катышуучулары жана серепчилер мамлекеттер деңгээлиндеги жана ЕАЭБ экономикасынын айрым секторлорундагы интеграциялык процесстерди, бизнести алып баруу маселелерин жана Бирликтин санариптик келечегин майда-чүйдөсүнө чейин талкуулашты.

Тигран Саркисян: «Биз технологиялык олуттуу жетишкендиктер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөбүз»
24 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери аны экономикада колдонуунун максималдуу натыйжасына жетишүү үчүн, биргелешкен санариптик саясатты синхрондоштуруусу өтө маанилүү. Интеграция Бирликтин өнөр жайын өнүктүрүүдөгү сапаттуу секирикке карай жолдогу артыкчылык болуп калышы керек, деп эсептейт Ереванда (Армения) өтүп жаткан «Евразия жумалыгы» Форумунун катышуучулары.

Кооперация жана биргелешкен долбоордук ишмердик – Евразия экономикалык бирлигинин стратегиясынын негизги элементи
23 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

22-24-октябрда Ереванда (Армения) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин аймагындагы эң ири «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму «ЕАЭБ экономикасынын реалдуу сектору: интеграция шарттарында потенциалды жогорулатуу» пленардык отуруму менен ачылды.

ЕАЭБ менен Египет 2018-жылдын аягында ЭСЗ түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Эркин соода зонасын түзүү жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Египеттин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун старт алуу мөөнөтүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Россия Федерациясындагы Египет Араб Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ихаб Наср талкуулашты, ал ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕЭК асыл металлдар жана таштар боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 2-октябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода жана экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелер каралды.

«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты
01 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

«Евразиялык интеграция темасы жаш муундар үчүн улам перспективдүү болуп бара жатат. Силердин интеграция идеясынын шарына батканыңар ушул жуманын жыйынтыгы болуп калаарына үмүттөнөбүз», – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия интеграциясынын эл аралык мектебинин ачылыш аземинде.

ЕЭК вьетнам күрүчүнө тарифтик квоталарды белгиледи жана индиялык электроддорго демпингге каршы чараны узартты
26 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 25-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн тышкы соода чөйрөсүндөгү маселелери каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы 2019-жылга карата Вьетнамдан келген узун дандуу күрүчкө тарифтик квоталарды белгилеп, Индиядан келген графиттелген электроддорго карата демпингге каршы чаранын аракетин узартты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери Бирликтин жалпы рыногу үчүн газды ташууга баанын түзүлүшүнө карата мамилелерди талкуулашты
21 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө беш мамлекеттин энергетика министрлери газдын жалпы рыногунун алкагында газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө карата тариф түзүүнүн (баа түзүүнүн) бирдиктүү методологиясын талкуулашты. Биргелешкен кеңешме Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында 19-сентябрда болуп өттү.

ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады
17 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.