Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

20-декабрда Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы катары – Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышышты. ЖЕЭК мүчөлөрү евразиялык интеграцияны, жалпы эмгек рыногун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши, атаандаштык, энергетика маселелерин карап чыгышты. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди, евразиялык интеграция маселелери боюнча бир катар башка маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Достук ордени менен сыйланды
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20-декабрда Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянды Россиянын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Достук ордени менен сыйлады.

ЕЭК Кеңеши кемелер үчүн күйүүчү майда күкүрттүн массалык үлүшүнүн 1,5% өлчөмдө камтылышы боюнча ченемдин аракетин узартты, ванадий оксидине жана гидроксидине карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрдү
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

19-декабрда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бажылык-тарифтик жөнгө салуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, атаандаштык, бажы саясаты, энергетика, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ЕАЭБде мунай жана мунай өнүмдөрүнүн үгүлтүксүз экспорту камсыз кылынмакчы, оюнчуктарга карата техникалык регламентке карата стандарттар актуалдаштырылды
19 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыноктору, энергетика, өнөр жай, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян: "Жаш дипломаттар – ЕАЭБдин келечеги"
17 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

"Биз Евразия экономикалык бирлигинде жаш, перспективдүү евразиялык элитанын калыптанышына кызыкдарбыз. Биз сиздер өзүңүздөрдү евразиялык элита катары идентификациялап, евразиялык интеграция идеясын Евразия мейкиндигинде гана эмес, бүткүл дүйнөдө жайылтасыздар деген үмүттөбүз",– деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 16-декабрда Москвада ЕЭКтин Жаштар кеңеши жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши менен болуп өткөн жолугушууда баса белгиледи.

Тигран Саркисян: "ЕАЭБ терең экономикалык мазмунга ээ жана регионалдык экономикалык бирикмелерди түзүү боюнча глобалдык дүйнөлүк трендге шайкеш келет"
12 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

"Евразия экономикалык бирлиги – жаш интеграциялык бирикме, бирок биз беш жылдын ичинде чоң жолду басып өттүк", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россиядагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) жана Америка-Россия ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулган "Евразия экономикалык бирлиги: 5 жыл – учуш жакшыбы?" деп аталган конференцияда билдирди.

ЕЭК Коллегиясы: ЕАЭБдин алкагында өнөр жай продукциясын кооперациялык жеткирүүлөрдүн өсүшү уланууда
10 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу

10-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай жана техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян: "Россия жана Беларусь Бирликтик мамлекети – ЕАЭБдин өнүгүү драйверлеринин бири"
10 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бирликтик мамлекет жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) бири-бирин толуктап турат деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян. Аталган интеграциялык бирикмелердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө ал Бирликтик мамлекетти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20-жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-тажрыйбалык конференцияда айтып берди.

ЕАЭБ интеграцияны өнүктүрүүнү максат кылууда
09 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Интеграциянын альтернативалары жок, бул глобалдык дүйнөлүк тренд. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн бардык перспективалары бар. Бул тууралуу жана ЕАЭБдин өнүгүү өзгөчөлүктөрү тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян "Жогорку экономика мектеби" Улуттук изилдөө университетинде (ЖЭМ УИУ) өткөрүлгөн ЕАЭБдин V Эл аралык форумунун ачылыш аземинде айтып берди.

Мосметродо ЕАЭБдин беш жылдыгына карата тематикалык поезд жүрө баштады
06 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Москва метрополитенинин Айланма линиясында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) беш жылдыгына карата тематикалык поезд жүрөт баштады. Аталган поезд 6-декабрда "Красная Пресня" электродепосунан сапарын баштады.