Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кубага ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүү жөнүндө чечим 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн
24 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

24-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясына Куба Республикасынын Премьер-министрдин орун басары Рикардо Кабрисас Руис баштаган делегациясы расмий иш сапары менен келип кетти. ЕЭКтин штаб-квартирасында өлкөгө ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүүнүн айрым аспектилерин тактоо боюнча Комиссиянын, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Куба Республикасынын биргелешкен консультациялары, ошондой эле Куба делегациясынын ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен жолугушуулары болуп өттү.

ЕЭКте ЕАЭБке ташып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Долбоордук кеңсе ишин баштады
24 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

23-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагына ташылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Долбоордук кеңсенин биринчи отуруму болуп өттү.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумуна комплекстүү экспертизанын жүргүзүлүшүн жактырды
23 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши тутумду модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) 2025-жылга чейинки санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашырууда учурдагы аспаптарды жана сервистерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн талдоо үчүн интеграцияланган маалыматтык тутумга (ИМТ) комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө тескемени кабыл алды. Аталган демилге интеграцияланган маалыматтык тутумду өнүктүрүү жана модернизациялоодогу мүмкүн болгон жаңы мамилелерди иштеп чыгууга багытталган.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин РФтин Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу
22 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.

Мал чарбачылыгындагы жаңы селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо бирдиктүү эрежелер боюнча ишке ашырылмакчы
22 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде жаңы породаларды, түрлөрдү, линияларды жана кроссторду апробациялоону жүргүзүүнүн тартибин бекитти.

Михаил Мясникович Никол Пашинянды Армения Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
21 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

ЕЭК Кеңеши тыгыздыгы төмөн этилен полимерлерине карата импорттук алымды бир жылдык мөөнөткө 6,5% чейин көтөрдү
18 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин аймагында өндүрүлбөгөн баштапкы формалардагы этилен полимерлеринин, ошондой эле жетишерлик көлөмдө өндүрүлгөн тыгыздыгы төмөн этилен полимерлеринин айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү Товардык номенклатурасында бөлүп көрсөтүү жөнүндө Россия Федерациясынын демилгелүү сунушун колдоду.

ЕЭК Коллегиясы жогорку технологиялуу дарылык формалардагы дары-дармектердин биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча колдонмону кабыл алды
16 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы мицеллярдык жана нанопрепараттарды фармацевтикалык иштеп чыгуу жана алардын эквиваленттик натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктоо процесстерин регламенттөөчү эки колдонмону кабыл алды.

ЕЭК Коллегиясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында сунуштамаларды кабыл алды
16 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ага ылайык Комиссия жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында маалымат алмашууну ишке ашыруучу сунуштаманы кабыл алды.

ЕАЭБде сүт продукциясын маркалоону киргизүү жөнүндө келишкендикке жетишилди
14 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши мүчө мамлекеттердин даярдыгына жараша сүт продукциясынын айрым түрлөрүн маркалоо жөнүндө принципиалдуу келишкендиктерге жетишти. Маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салуу андан эрте эмес киргизилиши болгон конкреттүү мөөнөттөрдү талкуулоо учурда аягына чыгууда. Маркалоону киргизүүнүн болжолдонгон мөөнөттөрү маркалоону киргизүүгө даярдыгын билдирген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда бекитилген.