Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян: «Спорттогу интеграция Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет»
12 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Баскетбол боюнча Евразия лигасынын президенти Карен Гилоян баш болгон Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) төрт өлкөсүнүн баскетбол клубдарынын жетекчилеринин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда «Арагац» БК президенти Дэвид Джонтоян (Армения), Беларустун Могилев областынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Виталий Игнатович (Беларусь), «Атырау» БК президенти Булат Мухамбеткаллиев (Казакстан), «Арсенал» БК президенти (Тула) Виктор Усков (Россия), Москва шаарынын Баскетбол федерациясынын вице-президенти Ваграм Вардумян (Россия) катышышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгына арналган маркаларды жүгүртүүгө чыгарды
12 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 9-августта Чолпон-Атада болуп өткөн отурумунун аягында мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бирликтин беш жылдыгынын урматына Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) почта кызматтары тарабынан чыгарылган эстелик маркаларды өчүрүштү.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы маселелери боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө чечимдерди кабыл алды
09 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 9-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясы, соода кызматташтыгы жана бир катар башка маселелер боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү чөйрөлөрүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕӨАК жыйынтыктары: чек ара аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн концепциясы, АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдоолору, айыл чарба продукциясы боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн суроо-талап жана сунуш балансы бекитилди, бир катар макулдашууларга кол коюл
09 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 9-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай кооперациясы тармагындагы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле алкоголь рыногy жөнгө салуу маселелери талкуунун негизги темаларынан болду.

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегация башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту
09 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

9-августта Чолпон-Атада (Кыргызстан) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунун алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда катышты. Ошондой эле, иш-чарада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышышты.

Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды
08 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

8-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин, вице-премьерлердин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлинде болуп өткөн отурумунун алдында бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды.

ЕЭК какао өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк коюмунун аракетин узартты, ысык чоюлган каӊылтырга карата атайын коргоо чарасын колдонду
07 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 6-августта соода, бажылык кызматташтык, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, санитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, экономиканы санариптештирүү, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

8-августта Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида» дүйнө чемпионаты башталат
05 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

8-августта саат 10.00дө Ысык-Көлдүн жеээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) бильярддык спорт боюнча, же башкача аталышы, «американка» боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» дүйнө чемпионаты башталат.

«Евразия жумалыгы» форумунда «ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектеби» ачылат
30 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жаштардын күн тартиби 25-27-сентябрда Бишкекте (Кыргызстан) болуп өтө турган «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун көңүл борборунда болот. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин жаш дипломаттарынын бирикмелери менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшү бул теманы өзгөчө актуалдуу кылууда.

Тигран Саркисян: «Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин ортосундагы мамилелер өз ара пайдалуу өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ»
17 Июль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Урсула фон дер Ляйенди Европа комиссиясынын Төрагасынын кызматына дайындалгандыгы менен куттуктады.