Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде акчаларды чек ара аркылуу алып өтүүнүн жаңы эрежелери иштеп баштады
04 Февраль | Бажы кызматташтыгы

4-февралда Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акчаларды алып өтүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирди. Эми бир жеке жак 100 миң АКШ долларынан ашык акча алып өткөн учурда, ал накталай акча каражаттарынын келип чыгышын тастыктоочу документтерди бажы декларациясы менен чогуу көрсөтүшү керек болот. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 130 Чечиминде келтирилген.

ЕЭК товарлардын бажы наркын кийинкиге калтырып аныктоо жол-жобосун колдонуу иш-тажрыйбасын талдоону баштады
29 Январь | Бажы кызматташтыгы

Бажылык декларациялоодо товарлардын бажы наркын кийинкиге калтырып аныктоо жол-жобосун колдонуу мүмкүнчүлүгү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси менен каралган.

ЕАЭБдин алкагында ТЭИнин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуу жактырылды
20 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

20-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, энергетика, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБде электрондук уруксат берүүчү документтер менен чек ара аралык алмашуу механизмин ишке ашыруу башталды, жеке пайдалануу үчүн экспресс-жүктөрдү декларациялоо тартиби жеңилдетилди
15 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

14-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногунун иштеши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу, ички рыноктун иштеши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБ жана Кытай Бирликтин жана КЭРдин бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар менен алмашуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну башташты
19 Декабрь 2019 | Бажы кызматташтыгы

ЕАЭБдин жана КЭРдин бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар менен алмашуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун биринчи баскычындагы маалымат алмашуунун тартибин аныктаган, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Протоколдун долбоору макулдашууну ишке ашыруу боюнча Харбиндеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун жүрүшүндө Бирликтин жана КЭРдин делегациялары тарабынан жалпысынан макулдашылды.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ЕАЭБде мунай жана мунай өнүмдөрүнүн үгүлтүксүз экспорту камсыз кылынмакчы, оюнчуктарга карата техникалык регламентке карата стандарттар актуалдаштырылды
19 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыноктору, энергетика, өнөр жай, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

Нурлан Акматов: "Биз бажылык тескөө-башкаруу линиясы боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча конструктивдүү диалогго даярбыз"
18 Декабрь 2019 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (Министр) Нурлан Акматов М.В. Ломоносов атындагы ММУда болуп өткөн "Евразия мейкиндигине интеграциялануу. Келечек жана перспективалар" деп аталган тегерек столдо евразиялык эконокомикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу, учурда иштелип чыгып жаткан документтин призмасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) бажылык тескөө-башкаруунун актуалдуу маселелери тууралуу айтып берди.

ЕЭК Коллегиясы жарык берүүчү диоддуу лампалардын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарын көтөрдү, КЭРден жана Украинадан алып келинген цинктелген каңылтырга жана КЭРден алып келинген тигишсиз түтүктөргө карата демпингге каршы алымдарды киргизди
03 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 3-декабрда интеграция, макроэкономика, соода, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, техникалык, бажылык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"
12 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

11-ноябрда Москвада "Евразиялык интеграциянын жаңы өлчөмү: Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгынын жыйынтыктары" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев, Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн натыйжаларын талкуулашты. Пленардык сессиянын модератору ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов болду.

ЕЭК ЕАЭБдин Бажы кодексин бизнестин жана мамлекеттик органдардын пикирин эске алуу менен аягына чыгара иштөөгө даяр
30 Октябрь 2019 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексин (ЕАЭБ БК) аягына чыгара тууралоо боюнча түзөтүүлөрдүн пакетин даярдоодо. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов Москвада Эл аралык бажы форумунда билдирди.