Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК делегациясы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл койду
03 Сентябрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Комиссиянын министрлери жана департаменттердин директорлору 3-сентябрда Москвадагы Александр багындагы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл коюу аземинде катышышты.

ЕЭК жана АСЕАН Кызматташтык программасын 2025-жылга чейин узартышты
28 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

28-августта Евразия экономикалык комиссиясы АСЕАНдын экономика министрлеринин жолугушуусунда катышты. Иш-чарада комиссияны интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөдү.

ЕАЭБ бизнеси евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун планын даярдоодо катышууда
20 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын катышуусунда отурум өткөрүп, ал жерде евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын чараларын жана механизмдерин ишке ашыруунун комплекстүү планы каралды.

ЕЭКте Евразия өлкөлөрүнүн жана Маврикийдин кызматташтыгынын перспективалары талкууланды
20 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Барсегян жана Маврикий Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин министр-кеңешчиси Рой Д. Биссундоял Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Маврикий Республикасынын экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн форматтарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөр Маврикийдин Элчилигинин демилгеси боюнча өткөрүлдү.

ЕЭК ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнүн үстүнөн иштөөдө
18 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Профилдик жумушчу топтун кезектеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнүн варианттары, ошондой эле буга чейин иштеп келген каржы институттарынын потенциалын бир кыйла толугураак пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралды.

Евразия экономикалык бирлиги жана Индия: өз ара аракеттенүүнүн жаңы жолдорун издөө
14 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегяндын Индиянын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Индия Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Бинай Сриканта Прадхан башында турган делегациясы менен жумушчу жолугушуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индиянын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын перспективалары көңүл борборунда болду.

Норвегиянын бизнеси ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташтыкка кызыкдар
07 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Норвегия-Россия соода палатасынын аткаруучу директору Ярле Форбур жана Норвегиянын бизнесинин өкүлдөрү менен видеорежимде өткөрүлгөн жолугушууда Евразия экономикалык бирлиги, анын улуттан жогорку компетенциялары, Бирликтин жаңы интеграциялык багыттарынын үстүнөн иш, ошондой эле ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы учурдагы соода-экономикалык мамилелер тууралуу айтып берди.

ЕЭКте 2025-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүү багыттарын ишке ашыруу планы боюнча алгачкы кеңешме болуп өттү
04 Август 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында, ушул жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан жалпысынан жактырылган, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу боюнча эксперттик кеңешмелердин сериясы башталды.

ЕЭК жана АСЕАН коронавирустан кийинки мезгилде экономикаларды калыбына келтирүү боюнча семинарды өткөрүшмөкчү
27 Июль 2020 | Интеграция жана макроэкономика

АСЕАНдын экономика боюнча улук кызмат адамдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү депраптаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөгөн жолугушуусунда коронавирустан кийинки мезгилде эки региондун экономикаларын калыбына келтирүү маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн учурдагы күн тартиби көңүл борборунда болду. Аталган иш-чара 25-июлда видеоконференция форматында өткөрүлдү.

ЕАЭБдин жана Таиланддын кызматташтыгынын перспективалары бизнес-форумдун алкагында талкууланды
23 Июль 2020 | Интеграция жана макроэкономика

22-июлда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн "Россия – Таиланд" бизнес-форумунда COVID-19 пандемиясынан кийин соода-экономикалык кызматташтыкты калыбына келтирүү маселелери көңүл борборунда болду.