Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы каржылык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин эксперттер "ЕАЭБ - КЭР "Бир алкак, бир жол" видео форумунда талкуулашты
27 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

26-октябрда "Евразия экономикалык бирлигинин жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин айкалышы" видео форумунун алкагында "ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы каржылык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги" эксперттик сессиясынын катышуучулары ЕАЭБ жана «Бир алкак, бир жол» кытай демилгесинин айкалышынын алкагында өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонууну күчөтүүнүн, санариптик валюталарды өнүктүрүүнүн жана жаңы типтеги төлөм системаларын түзүүнүн келечегин, Евразия экономикалык бирлиги жана Кытай Эл Республикасынын каржылык туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатуунун жолдорун талкуулашты.

Сергей Глазьев евразиялык валюта-финансы тутумун түзүүнү сунуштады
26 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев "ЕАЭБ жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин айкалышы" форумунда ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы каржылык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги боюнча сессияда улуттук валюталарга таянуу менен Евразия экономикалык бирлигинин валюта-финансы тутумун түзүү боюнча өзүнүн сунуштарын айтты. Иш-чара 26-октябрда онлайн-режиминде өткөрүлдү.

ЕЭК бизнес менен биргеликте эл аралык күн тартибин өнүктүрүүдө
23 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ), Европа бирлигинин (ЕБ), Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Африка Бирлигинин жана Латын Америкасынын аймактарындагы өнөктөштөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери 23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев төрагалыгы алдында өткөн кеңешменин жүрүшүндө каралды.

Немец бизнесине ЕАЭБ рыногунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу сунушталды
23 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык экономикалык комиссия негизги аймактык интеграциялык бирикмелер менен мамлекеттердин ортосунда диалог түзүү менен Чоң Евразиялык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнү жигердештирүүнү сунуштайт. Бул туурасында ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян 22-октябрда ЕАЭБде немец бизнеси үчүн "Евразия экономикалык бирлиги: мааниси, жетишкендиктери, өнүгүү келечеги" IV конференциясында билдирди.

ЕЭКте Стратегия-2025 долбоорун жүзөгө ашырууну пландаштыруу маселелери талкууланды
21 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

2025-жылга чейин Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорунун макулдашылбаган пункттары, ошондой эле стратегиялык документти жүзөгө ашырууну пландаштыруу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектеген жумушчу топтун 21-октябрда өткөн кеңешмесинде каралды.

ЕЭК менен Перу кызматташтык пландарын талкуулашты
16 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын багыттарын жана форматын ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Перунун Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуан Хенаро дель Кампо Родригес 14-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында талкуулашты.

ЕАЭБ статистикасы стратегиялык өнүгүүгө жана санариптештирүүгө багытталган
14 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

2021-жылга карата статистикалык иштердин программасы жана статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын алдын-ала планы 14-октябрда өткөн отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү тарабынан макулдашылды. Эки документ тең 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын жана ЕАЭБдин санарип күн тартибинин практикалык имплементациясы болуп саналат.

Гоар Барсегян: "Пандемия интеграциялык бирикмелердин деңгээлиндеги координацияланган аракеттердин зарылчылыгын көрсөттү"
01 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясы жана АСЕАНдын Катчылыгы "ЕАЭБ-АСЕАН: каатчылык шарттарында интеграциялык өнүгүүнү колдоо үчүн өлкөлөрдүн ийкемделүү механизмдери" деп аталган тегерек столду өткөрүштү. Талкуунун модератору ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян болду. Аталган иш-чара "Россиянын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн COVID-19га каршы аракеттенүү жана экономикаларды калыбына келтирүү боюнча чаралары" деп аталган семинардын алкагында орун алды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Молдова менен товар жүгүртүүсү үч жылдын ичинде 34%га өстү
01 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин жана Молдова Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү өзүнүн натыйжаларын берүүдө: 2016-2019-жылдардын ичинде товар жүгүртүү 34,4%га өсүү менен, 1,9 млрд АКШ долларына жеткен. Экспорт 36,5%га, 1,4 млрд долларга чейин өскөн, ал эми импорт – 29%га, 481,5 млн долларга чейин. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 1-октябрда Россия-Молдова соода-экономикалык кызматташтык форумунда билдирди.

ЕЭК Кеңеши Стратегиялар-2025 долбоорунун дагы 28 пунктун макулдашты
01 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрдагы отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыкты.