Чыпка
Жаңылыктар
Багыт:
Датасына карай
баштап
чейин
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 |
Таможенно-тарифное регулирование
По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.
Молдова ЕАЭБ менен кызматташууну пландаштырууда
30 Ноябрь 2017
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Молдова Республикасынын ортосундагы толук кандуу соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Молдованын ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун негизги темасы болду.
ЕЭК жана Марокко ортосунда меморандум - экономикалык кызматташтыктын жаңы деңгээли
02 Октябрь 2017
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык комиссиясы жана Марокко Королдугунун өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын 28-29-сентябрда Марокко Королдугуна болгон жумушчу сапарынын жүрүндө кол коюлду. Биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, анын негизги негизги максаты - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Марокконун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, соода байланыштарын өстүрүү жана диверсификациялоо, бири-биринин рынокторуна өз ара жеткиликти жеңилдетүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүү болмокчу. Жумушчу топко ЕЭК өкүлдөрү, Биримдиктин өлкөлөрүнүн жана Марокконун улуттук өкмөттөрүнүн, ошондой эле алты мамлекеттин бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү киришет. Биринчи отурум 2018-жылдын март айында өткөрүлмөкчү.
ЕАЭБ - ЕС: европалык жаш экономисттер жана саясат таануучулар кызматташтыкка чакырышат
25 Июль 2017
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европа союзунун (ЕС) ортосунда расмий өнөктөштүк байланыштарды тезирээк орнотуу зарылчылыгы жөнүндө идея “Ири Европанын жолугушуулары” 5-эл аралык жаштар форумунун көңүл чордонунда болду. Аталган форум 24-25-июлда Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) жана А.М. Горчаков атындагы Ачык дипломатияны колдоо фондунун демилгеси жана бир катар ири француз компанияларынын колдоосу менен өткөрүлгөн.
БУУда ЕАЭБ аймагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жөнүндө ЕЭКтин баяндамасы сунушталды
12 Июль 2017
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү жөнүндө баяндаманы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында тааныштырды. БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда - БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатында күн тартибинин мониторинги боюнча негизги иш-чарада ачык талкуу үчүн мындай баяндама даярдаган биринчи аймактык интеграциялык бирикме ЕАЭБ болду.
Беттер: