Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Татьяна Валовая: «ЕЭК эркин соода принциптерин жана ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин соода-экономикалык ишмердигинин либералдаштыруусун жактайт»
10 Апрель 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өз ишмердигин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө алып барган чет элдик ишкердик топтордун өкүлдөрүнүн алдында салттуу түрдө жыл сайын сүйлөөчү сөзүнүн алкагында билдирди. 50 дөн ашуун чет элдик компаниялар жана бизнес-ассоциациялар, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары катышкан бул жолугушуу Америкалык соода палатасында болуп өттү.​

ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек
06 Апрель 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин статистикалык көрсөткүчтөрүн түзүү маселелери талкууланды. ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек. Мындай чечим Комиссиянын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин 5-апрелде, ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында болуп өткөн он экинчи отурумунда кабыл алынды.​

Татьяна Валовая: «ЕАЭБ криптовалюталар жана блокчейнге карата макулдашылган мамиле иштеп чыгышы зарыл»
30 Март 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өзү модератор болгон «Криптовалюталар: акча жүгүртүү тутумундагы орду жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген таасири» деп аталган панелдик сессияда билдирди.

Евразия интеграциясы жаштар өлчөмүнө өтүүдө
20 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) «Евразия интеграциясы: жаштар өлчөмү» деген темага эң мыкты илимий иш же долбоорго V Эл аралык сынактын башкы өнөктөшү болду. Сынактык иштерди кабыл алуу бир нече айдан кийин аяктайт.​

ЕАЭБ – ЕБ диалогу: Лиссабондон Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык мейкиндик европалык бизнестин көзү менен
19 Февраль 2018 | Интеграция жана макроэкономика

«ЕАЭБ жана ЕБ диалогунун зарылдыгы негизги эл аралык платформаларда улам-улам талкууланууда. Бул талкууга ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын, адистештирилген эл аралык ассоциациялардын жана структуралардын өкүлдөрү жана эки биримдиктин мүчө мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү барган сайын көбүрөөк кошулууда», – деп Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая «Лиссабондон Владивостокко чейин» деп аталган жумушчу топтун жыйынында билдирди. Жумушчу топ Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жана Европа биримдигинин (ЕБ) өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууну колдогон ири европалык бизнестин демилгеси боюнча уюшулган. Иш чара 15-февралда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын штаб-квартирасында өткөрүлдү.​

Татьяна Валовая: “Өз ара сооданын негизги кыймылдаткычынын бири болуп, макроэкономикалык кырдаалды жакшыртуу менен мажбурланган ички суроо-талап саналат”
06 Февраль 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосундагы 2017-жылдагы өз ара соода жогорку динамикасы менен мүнөздөлөт. Акыркы жылдардагы байкалган ЕАЭБдин ички товар айланымынын өз ара төмөндөөсү 2017-жылы олуттуу өсүү менен алмашты. Тогуз айдын жыйынтыгы менен Биримдиктин өз ара соодасынын көлөмү 26,9%га көбөйдү. ЕАЭБдин бардык негизги экономикалык көрсөктүчтөрү боюнча оң динамика байкалууда. 2017-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын абалы жөнүндөгү жана катышуучу өлкөлөрдүн макроэкономикалык кырдаалы боюнча мындай берилмелер, 2-февралда Алматыдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сунушталган Евразия экономикалык комиссиясынын докладында камтылган.​

Россия ЕАЭБде төрагалыгынын демилгелерин жүзөгө ашыруу механизмдери Минскте талкууланды
26 Январь 2018 | Интеграция жана макроэкономика

“2018-жылга Россиялык төрагалыктын демилгелери, ЕАЭБ өнүктүрүү логикасын улантып жана кеңири интеграциялык күн тартиптин маселелеринин жаңы тобун “бөлүп көрсөтөт” ,”- деп Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно, 25-январда Минскте Евразия экономикалык биримдигинде төрагалыкты Россия Федерациясына өткөрүүгө арналган тегерек столдо чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.​

«ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форуму ЕАЭБ жана Камбоджанын ортосундагы кызматташууга жаңы түрткү берет
18 Декабрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Биринчи «ЕАЭБ – Камбоджа 2017» бизнес-форумун ЕАЭБ жана Камбоджа мамлекеттеринин кызматташуусунун жаңы этабынын негизги башталышы деп эсептөөгө болот деп ишенет, Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Россия-Сингапур ишкер кеңештин соода үйүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана Камбоджа өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган иш-чара, биринчи жолу алты мамлекеттин бизнесинин өкүлдөрүн чогултту. Форумдун жүрүшүндө кызматташтыктын тутумдук маселелери жана өз ара инвестициялардын өсүү мүмкүнчүлүктөр талкууланды.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

ЕЭК министри Татьяна Валовая Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту камсыздоого ЕАЭБтин салымы жөнүндө
11 Декабрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

“ЕАЭБ Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту өнүктүрүүгө өз салымын кошо баштады”, - деп ишенет Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Министрдин пикири боюнча, бул чөйрөдө Биримдиктин потенциалы бийик жана негизги эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ системасынын түзүмү тарабынан жогору бааланат. Бул туурасында Татьяна Валовая 8-декабрда Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) мүчө өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 24-отурумунун алкагында өткөн “Чоң Европа аймагындагы жана евразия мейкиндигиндеги экономикалык байланыштуулук, соода-экономикалык мамилелер” атайын эксперттик дискуссиясында билдирди.​