Чыпка
Жаңылыктар
Багыт:
Датасына карай
баштап
чейин
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 |
Таможенно-тарифное регулирование
По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.
ЕАЭБ жана Фарер аралдары кызматташтыктын жаңы барагын ачты
28 Август 2018
|
Интеграция жана макроэкономика
ЕЭК Коллегиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая менен Фарер аралдарынын тышкы иштер жана соода министри Поуль Михельсон 23-августта Торсхавнада (Фарерлер) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Документ Комиссиянын фарер тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы болуп калды жана толук баалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өнөктөштөрдүн маанайын чагылдырат.
Татьяна Валовая: «Күнүмдүк көйгөйлөрдөн чыкпай калууга болбойт, бүгүнтөн эле интеграциялык горизонтту белгилөө маанилүү»
20 Август 2018
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өзөктүү чөйрөлөрүндө, анын ичинде энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбасында жана башка бир катар тармактарда интеграциянын жетишилген деңгээлин жана келечекке пландарды Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясынын жана Беларустун мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкер, илимий жана эксперттик жамааттарынын мүчөлөрү 15-августта Минскиде «Евразия экономикалык бирлиги: андан ары өнүгүү стратегиясы» конференциясында талкуулады. ЕЭК Беларусь Республикасынын өкмөтү менен бирдикте уюштурган иш-чаранын модератору Комиссиянын Интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду.
ЕЭК министри Татьяна Валовая: «Биздин максат – ЕАЭБ менен ЕБдин ортосунда экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө жаңы жандашуу чекиттерин табуу»
08 Июнь 2018
|
Интеграция жана макроэкономика
Быйыл 2003-жылдын май айында Санкт-Петербургда болуп өткөн Россия – ЕБ саммитинде Жалпы европалык экономикалык мейкиндик концепциясынын негизинде Жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү максатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынганына 15 жыл толду. Андан тышкары, Россия – ЕБ өнөктөштүгүнүн Туруктуу кеңеши иштей баштады, жана кызматташуунун олуттуу багыттары жана “жол картасын” түзүү боюнча диалог ачылды. «Мындай тарыхты эске алуу менен Европа бирлигинен өнөктөштөрүбүз менен ишенимди калыбына келтирүү жана активдүү диалогду жаңыртуу, ЕАЭБ менен ЕБдин ортосундагы мамилелерде түйүндү чечүү зарыл», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) штаб-квартирасындагы «ЕБ – ЕАЭБ жалпы экономикалык мейкиндигинин перспективалары: бизнес үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» тегерек столунда билдирди.
ПЭЭФ-2018: ЕАЭБ - АСЕАН форматында алгачкы бизнес-диалог болуп өттү
24 Май 2018
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ишкерлер жана расмий чөйрөлөрүнүн, бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин аянтчасында кызматташуунун перспективаларын талкуулоо үчүн алгачкы жолу чогулду. Пикир алышуу 23-майда «ЕАЭБ – АСЕАН соода-экономикалык кызматташуусу. Россиянын ролу» иш ланчы форматында болуп өттү.
ЕАЭБ өлкөлөрү менен Сингапур кызматташууну өнүктүрүүдө
23 Май 2018
|
Интеграция жана макроэкономика
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Сингапур Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү перспективалары Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Сингапурдун өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун көңүл борборунда болду. Тараптардын эксперттеринин ортосундагы түз диалогду жолго салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би
14 Май 2018
|
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
|
Интеграция жана макроэкономика
|
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
|
Экономика жана каржы саясаты
|
Соода
|
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
|
Техникалык жөнгө салуу
|
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Беттер: