Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Узак мөөнөттүү төмөн инфляция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт
03 Июль 2019 | Интеграция жана макроэкономика

«Акыркы жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында олуттуу прогресске жетишишти. Борбордук жана улуттук банктар чийки зат товарларына баалардын солкулугунун натыйжасында аныксыздыктын өсүшү жана чек ара аралык таасирлер шарттарында турукташтыруу саясатын жүргүзүүдөгү чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгышты. Бирликтин өлкөлөрүндө инфляциянын темптеринин туруктуу төмөндөшү жана акырындык менен конвергенцияланышы байкалууда, бул акыр аягында калктын жыргалчылыгына таасир тийгизүүдө», – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова «ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү акча-каржы саясаты: координациянын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөр» деп аталган тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди. Армения Республикасынын улуттук банкы тарабынан уюштурулган бул иш чара 27–28-июнда Дилижанда (Армения) болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясы чочко этин, сүт жана сүт продукциясын өндүрүү тармагында мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды жактырды
02 Июль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы макроэкономика, агроөнөр жай комплекси, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, бажылык жөнгө салуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши маселелерин карап чыкты.

Евразиялык интеграция ЕАЭБ өлкөлөрүнө бүгүнкү күндө Түштүк өлкөлөрүнүн алдында турган чакырыктарды жеңүүгө мүмкүндүк берди
27 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык интеграциянын жыйынтыктары Түштүк мамлекеттери үчүн эң эле зарыл чакырыктарды жеңүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая 25-июнда БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Соода жана өнүктүрүү боюнча кеңешинин 24-28-июнда Женевада өткөрүлүп жаткан 66-ар жылдык сессиясында билдирди.

ЕАЭБ өнүгүү деңгээли боюнча МЕРКОСУР жана АСЕАНдан алдыда
26 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Жаштыгына карабастан, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) өзүнүн өнүккөн институционалдык түзүмүнүн аркасында, интеграция деңгээли боюнча тарыхы тийиштүүлүгүнө жараша 30 жана 50 жылды түзгөн МЕРКОСУР жана АСЕАНдан алдыда, жана интеграция деңгээли боюнча Европа бирлигинен (ЕБ) гана калышат. Мындай жыйынтыкка Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) «Интеграция көрсөткүчтөрүнүн тутуму регионалдык интеграциялык бирикмелердин иштешин талдоонун аспабы катары» докладынын авторлору келишти.

ЕЭК жана ЮНКТАД инклюзивдүү экономикалык өсүштүн индексин иштеп чыгышты
26 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Соода жана өнүктүрүү боюнча кеңешинин 25-июнда Женевада өткөрүлгөн 66-ар жылдык сессиясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана ЮНКТАДдын «ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин инклюзивдүү өсүшү: баалоо жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталган докладынын презентациясы болуп өттү. Докладдын презентациясында ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая катышты.

ЕАЭБ жана АСЕАН бизнес-диалогду өнүктүрүшүүдө
10 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

«Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана АСЕАНдын өз ара мамилелеринин көтөрүлүп турган убагы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү Татьяна Валовая 8-июнда Петербург экономикалык форумунда (ПЭЭФ-2019) ЕАЭБ – АСЕАН бизнес-диалогун анын модератору катары ачып жатып белгиледи. Сессия Россия – АСЕАН Ишкердик кеңеши менен биргеликте уюштурулду.

ЕЭК жана Африка бирлиги кызматташтыкты өнүктүрүшөт
05 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая 3-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн «Евразия экономикалык бирлиги – Африка: экономикалык интеграция эки региондун өнүгүүсүнүн жана алардын ортосундагы диалогдун фактору катары» конференциясынын жыйынтыктары боюнча билдирди.

ЕАЭБдин мамлекет башчылары: Бирлик калыптанды жана ийгиликтүү иштөөдө
29 Май 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 29-майда Нур-Султанда (Казакстан) болуп өткөн мааракелүү отурумунда интеграция, макроэкономика, соода, электр энергетикасы, бажы кызматташтыгы, каржылык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы, атаандаштык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү маанилүү чечимдер кабыл алынды. Иш чара эки мааракелүү күнгө туш келди – Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн 5-жылдыгына жана Евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына.

Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап, иштеп жаткан Евразия экономикалык бирлигине чейин
17 Май 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы баскычын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мындан ары өнүгүү перспективаларын мамлекеттик бийлик, ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 16-июнда Астана экономикалык форумунун алкагында «Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап ишке ашырууга чейин» сессиясында талкуулашты. Анын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду.

Ири европалык бизнес ЕАЭБ менен толук масштабдуу диалогго кызыкдар
30 Апрель 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Мындай тыянакты Прагада (Чехия) жыл сайын өткөрүлүүчү «Европа бирлигинин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен тышкы экономикалык байланыштары» конференциясында катышкан, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жасады. «Биз Европа бирлигинин ар кандай мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушуп турабыз, – деп баса белгиледи Сергей Шухно. – Акыркы убакта европалык ири ишкерлердин биздин евразиялык долбоорубузга, Евразия экономикалык бирлиги менен толук форматтуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусу айрыкча тез өсүүдө».