Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин негизги приоритети – узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү"
12 Декабрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 11-декабрда Москвада макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда билдирди.

ЕАЭБ жана АСЕАН кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кылышууда
10 Декабрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) өз ара соодасынын көлөмү жетишерлик чоң эмес. Интеграциялык бирикмелер Чоң Евразия экономикалык өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү максатында соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтиши зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 9-10-декабрда Москвада өтүп жаткан, ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери үчүн биринчи Эл аралык семинарда билдирди.

ЕЭК ЕККУ менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө
06 Декабрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕККУ менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр. Бул тууралуу ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян 5-декабрда Братиславада (Словакия Республикасы) Албаниянын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Игли Хасани менен жолугушууда билдирди. 2020-жылда ЕККУдагы төрагалык Албанияга өтмөкчү.

ЕЭК жана Монголиянын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга карата иш-чаралардын биргелешкен планын бекитишти
06 Декабрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Монголиянын ишкердик коомдоштуктарынын линиясы боюнча байланыштарды активдештирүү, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана негизги бизнес-ассоциациялардын көмөк көрсөтүүсү 4-декабрда Москвада өткөрүлгөн "Россия – Монголия. ЕАЭБдин жалпы рыногунда бизнес алып баруу" деп аталган форумдун көңүл борборунда болду. Форумдун жыйынтыктарынын бири ЕЭКтин жана Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда 2020-2021-жылдарга карата иш-чараларга кол коюлушу болду.

ЕАЭБде интеграциялык процесстер активдүү өнүгүүдө
05 Декабрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

2-3-декабрда Бишкекте болуп өткөн "Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинде: натыйжалар, тажрыйба жана перспективалар" деп аталган иш-тажрыйбалык конференциянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Словакиянын ишкердик коомдоштуктары ЕАЭБдин жана ЕБнын кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсүнө кызыкдар
26 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Чет элдик компаниялардын ЕАЭБдин аймагында иштеши маселелерине арналган эл аралык конференциянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосунда толук кандуу диалогду орнотуу зарылчылыгы тууралуу билдиришти. Конференция 21-ноябрда Братиславада (Словакия) болуп өттү.

Сергей Глазьев: "ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы"
25 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарына (БУУ ТӨМ) жетүүсү экономиканын жөнгө салуунун улуттан жогорку чараларынын аракетинин астындагы тармактарында кыйла натыйжалуураак өтүүдө. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Бирликтин өлкөлөрүндө БУУ ТӨМдү ишке ашырууга өбөлгө түзүү боюнча ишти улантмакчы. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 22-ноябрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн эл аралык макроэкономикалык семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.

ЕАЭБде тышкы жана өз ара сооданын статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасын" иштеп чыгышууда
19 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Товарлар менен эл аралык соода жүргүзүүнүн статистикасы маселелери (ТЭСС) боюнча Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн эл аралык семинарда эксперттик коомдоштук Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.

ЕЭК жана Фарер аралдары кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө
13 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

12-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Фарер аралдарынын Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хакун Дьурхуус Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

ЕАЭБ жана Куба кызматташтыкты бардык форматтарда тереңдетүүнү алдыга коюшууда
12 Ноябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Үзүрлүү кызматташтыкты өз ара алдыга койгондук жана аны көп тараптуу өнүктүрүү боюнча ишмердик кадамдарды жасоого даярдык Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиянын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев башында турган делегациясынын эл аралык Гавана көргөзмөсүнө (FIHAV-2019) катышуучу үчүн 6-8-ноябрдагы Гаванага сапарынын алкагында Куба Республикасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндөгү негизги тема болду.