Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК жана, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары, Куба жакынкы үч жылга карата кызматташтыктын пландарын түзүшүүдө
23 Декабрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян жана Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья 22-декабрда өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Гаванага Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу берилгендигин эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кубанын кызматташтыгынын иш-тажрыйбалык аспектилерин талкуулашты. Аталган жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитишти
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары 11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын бекитишти.

ЖЕЭК Өзбекстанга жана Кубага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүүнү жактырды
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигининин мүчө мамлекеттеринин мамлекет башчылары Өзбекстан Республикасына жана Куба Республикасына ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Буга чейин аталган өлкөлөрдүн президенттери Бирлик менен ушундай форматта өз ара аракеттенүү жөнүндө демилгелерин билдиришкен эле.

ЕЭКтин статистика департаментинин директорунун орун басары болуп Гульнара Керимханова дайындалды
08 Декабрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Гульнара Мамырбаевна Керимханова 1961-жылдын 31-мартында Жамбыл областынын Тараз шаарында (Казакстан Республикасы) төрөлгөн.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
04 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 4-декабрда видеоконференция форматында өткөрүлгөн отурумунда 9 маселени карап чыгышты.

ЕЭК ЕККУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунда катышты
04 Декабрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) регионундагы эл аралык уюмдардын катарында ЕККУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин видеоконференция форматында өткөрүлгөн 27-чи отурумунда катышты.

Эфиопия ЕАЭБ менен кызматташтыкка кызыгуусун билдирүүдө
02 Декабрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

1-декабрда онлайн-форматта өткөрүлгөн Эфиопия-Евразия бизнес-форумунда ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен кызматташтыгынын перспективаларын талкуулашты. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты.

ЕЭКте пандемиядан кийинки экономикалык өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты
30 Ноябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан каатчылык жаңы илимий-технологиялык жана дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптеринин маңызынын калыптанышын тездетүү менен, дүйнөлүк экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн катализатору болду. Мындай шарттарда мамлекеттин стабилдештирүү чараларын ыкчам иштеп чыгуудагы ролу олуттуу түрдө өсөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Мамлекеттер аралык банк менен биргеликте уюштурулган "COVID-19 пандемиясы: симптомдору жана дүйнөлүк экономиканы дарылоо" деп аталган эл аралык макроэкономикалык семинарда сөз болду.

Сергей Глазьев фармацевтиканы, маалыматтык жана биоинженердик технологияларды өнүктрүүнүн эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүшкө демилге берүүгө чакырды
26 Ноябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери азырынча дүйнөлүк өсүш темптеринен аша алган жок. Көп жагынан бул өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан макроэкономикалык саясатка байланыштуу. Экономикалык өсүштү жаңы технологиялык тартиптин драйверлери болуп саналган тармактарды өнүктүрүүнүн эсебинен демилгелөөгө болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 26-ноябрда "COVID-19 пандемиясы: симптомдору жана дүйнөлүк экономиканы дарылоо" деп аталган эл аралык семинарда билдирди.