Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде Тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга кол коюлду
24 Декабрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери Тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документке 19-декабрда Санкт-Петербургда кол коюлду.

ЖЕЭК жыйынтыктары: Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди
20 Декабрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

20-декабрда Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, ЖЕЭКтин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы катары – Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышышты. ЖЕЭК мүчөлөрү евразиялык интеграцияны, жалпы эмгек рыногун, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши, атаандаштык, энергетика маселелерин карап чыгышты. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногу иштеп баштаганга чейин аткаруу зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди, евразиялык интеграция маселелери боюнча бир катар башка маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.
13 Декабрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуу аспаптарын иштеп чыгуу максатында Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму (IOSCO) жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы (WFE) менен өз ара аракеттенүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатрян Мадридде (Испания) IOSCOнун аффилиацияланган мүчөлөрүнүн Консультативдик комитетинин отурумунун жана улуттук баалуу кагаздар рынокторун укуктук жөнгө салуу жаатындагы регуляторлор үчүн жумушчу семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.

Евразиялык интеграциянын маанилүү багыттары – соода жана каржы саясатын ишке ашыруу
12 Декабрь 2019 | Соода | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 11-декабрда "Евразия экономикалык бирлиги: 5 жыл – учуш жакшыбы?" деп аталган конференциянын алкагында өткөрүлгөн "Евразиялык интеграция – натыйжалуу кызматташтыкка карай кийинки кадамдар" деген аталыштагы талкуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) соода саясатынын актуалдуу милдеттери, анын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективадагы өнүгүү перспективалары, каржы тармагындагы интеграция, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара сооданы либералдаштыруу жөнүндө айтып беришти. Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте Россиядагы Америкалык Соода Палатасы жана Америка-Россия ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулду.

ЕЭК жалпы Евразия социалдык мейкиндигин түзүүнү сунуш кылууда
04 Декабрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү үчүн эмгекчилердин саламаттыгын коргоо социалдык камсыздоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жалпы Евразия социалдык мейкиндигин түзүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы чөйрөлөрүн өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев Москвада өткөрүлгөн "Евразиялык экономикалык интеграция" эл аралык конференциясында билдирди.

ЕАЭБде европалык инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну пландаштырышууда
27 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Европалык бизнестин өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти. ЕАЭБде өз кезегинде инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну жана инвесторлордун режимин жөнгө салуу эрежелерин жакындатууну пландаштырышууда. 22-ноябрда VI Москва эл аралык каржылык-экономикалык форумунда ишкерлер Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

ЕАЭБдин бизнесин ЕБ менен биргелешкен диалогду түзүүгө чакырышты
22 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты | Соода

VI Москва эл аралык каржы-экономикалык форумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногунун европалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ЕАЭБдин жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков катышышты.

ЕЭК КНС алуу тутумун өркүндөтүү үчүн ведомстволор аралык электрондук сервистерди киргизүүнү сунуш кылууда
22 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Москвада КМШга катышкан өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин (СКЖКК) отурумунда билдирди.

ЕЭК жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
19 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

14-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын каржы рыноктору боюнча Консультативдик комитети жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы (ЕБДА) кызматташтык жөнүндө меморанду​мга кол коюшту. Меморандумга ЕЭК тараптан Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, ЕБДА тараптан – Ассоциациянын төрагасы Ваган Степанян кол коюшту.

Тимур Жаксылыков ЕАЭБде жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгү тууралуу билдирди
15 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

"Евразия экономикалык бирлигинин окуу жайлары тарабынан бирдиктүү экономикалык мейкиндикте өздөрүнүн билимин колдонууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистердин даярдалышы – Бирликтин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу үчүн негизги кадамдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереван мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн лекциясынын жүрүшүндө билдирди.