Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентине карата өткөөл жоболор белгиленди
17 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ TP 048/2019) техникалык регламентине карата өткөөл жоболорду белгиледи.​

"Сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата өткөөл жоболор 2022-жылдын 13-февралына чейин күчүндө болот
13 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөөл жоболорду белгиледи. Өткөөл жоболор аларга карата ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилген, 2021-жылдын 13-февралына чейин ЕАЭБтин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикке кабыл алынган же берилген сүт азыктарынын шайкештигин баалоо боюнча документтер 2022-жылдын 13-февралына чейин колдонуларын аныктайт.

ЕЭК БУУ ЕЭКтин аянтчасында COVID-19 пандемиясынын шарттарында шайкештикти баалоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулоодо катышты
09 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу боюнча кызматташтык маселелери чөйрөсүндөгү саясат боюнча жумушчу тобунун (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) 30-сессиясынын отурумунда COVID-19дун таралышына байланыштуу эпидемиологиялык жагдай мезгилинде стандарттардын жана шайкештикти баалоонун ролу талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев кесиптештерине продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо жол-жоболорун өткөрүү жөнүндө айтып берди.

Виктор Назаренко: "Аккредитация шайкештикти баалоо органдарынын компетенциясынын жана алардын ишинин натыйжаларынын ишенимдүүлүгүн камсыздоонун кепилдиги болуп саналат"
03 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Аккредитациялоо органдарынын башчыларынын Кеңешинин бешинчи отурумунда, шайкештикти баалоо органдары аккредитациялоо процедураларынын натыйжаларын өз ара таануусуна, ак ниетсиз органдар шайкештикти баалоо документтеринин берүүсүнө, ЕАЭБде "кооптуу" өнүмдөрдүн жүгүртүлүшүн алдын алууга байланышкан негизги көйгөйлөр талкууланды.

Стерилденбеген дарыларды өндүрүүдө колдонулган жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо тутумдары боюнча колдонмо кабыл алынды
03 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

3-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы стерилденбеген дары каражаттарын өндүрүүдө колдонулган жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо тутумдарын пайдалануу, квалификациялоо жана техникалык тейлөө боюнча колдонмону кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө фармацевтикалык ишканаларда ушундай тутумдарды түзүү жана тейлөө боюнча бардык маселелер чагылдырылган бул документти колдонуу сунушталат.

Дарыларды клиникалык сыноолордо биостатистиканы колдонуу боюнча колдонмо кабыл алынды
03 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

3-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Дары препараттарын клиникалык сыноолорунда биостатистиканы колдонуу принциптери боюнча колдонмону кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө аны колдонуу сунушталат.

ЕАЭБдин алкоголдук продукцияга техникалык регламенти 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет
03 Ноябрь | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия тараптын сунушу менен Евразия экономикалык бирлигинин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) күчүнө киришин 2022-жылдын 1-январына жылдырды. Бул техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү даярдоо үчүн керек.

ЕАЭБде кооптуу өнүмдөр жөнүндө маалымат берүүнүн бирдиктүү тутуму иштей баштайт
30 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген товарлар жөнүндө маалымат берүү тутумун калыптандыруу боюнча пилоттук долбоорду аяктоонун мөөнөтүн аныктады - 2021-жылдын 1-июлу.

ЕАЭБде тез өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу сунушталды
28 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана Евразия экономикалык бирлигин тез өсүү траекториясына чыгаруу боюнча сунуштар 28-октябрда Москвадагы Президент-мейманканасында өткөн "Интеграция: тез өнүгүү стратегиясы" ЕАЭБ бизнес форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

Дары каражаттарын каттоо эрежелери 2025-жылга чейин улуттук каттоо досьелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн тактайт
28 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдүн долбоору 26-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөн Дары каражаттары боюнча эксперттик комитеттин үчүнчү отурумунда каралды. Өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууга карата бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу боюнча жумушчу топтун эрежелерди колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен даярдалды.