Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Артак Камалян Өзбекстандын машина куруу ишканаларына барды
17 Апрель

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Өзбекстан Республикасына иш сапарынын алкагында Самарканддагы чоң жүк ташуучу автотранспорт техникасын чогултуу боюнча ири машина куруу ишканаларына – КАМАЗ жүк ташуучу автомобилдер өндүрүшү жайгашкан UzAuto TRAILER компаниясына, MAN чоң жүк жана жүргүнчү ташуучу техникасын өндүргөн UZ TRUCK AND BUS MOTORS ишканасына жана коммерциялык техниканы – автобустарды, жүк ташуучу жана адистештирилген автомобилдерди өндүрүү боюнча Самарканд автомобиль заводуна сапар жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Стратегия-2025ти ишке ашырууга кошулат
16 Апрель

Евразия экономикалык комиссиясынын бизнес менен өз ара байланышын өркүндөтүү, ошондой эле Стратегия-2025ти ишке ашырууга Евразия экономикалык бирлигинин бизнес-коомчулугунун катышуусу боюнча маселелер 16-апрелде ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК менен ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик комитеттин отурумунда каралды.

Гоар Барсегян Тунистин Россиядагы Элчиси Тарак Бен Салемди кабыл алды
16 Апрель

Соода-экономикалык кызматташтык жана туниссиялык тараптын демилгеси менен Тунис Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы диалогду өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон жолдору ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян менен Тунистин Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тарак Бен Салемдин жумушчу жолугушуусунда талкууланды.

Михаил Мясникович: "Экономикалык өсүш үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирин толуктап жана колдоп, ишенимди жана кызматташтыкты чыңдашы керек"
16 Апрель

Интеграциялык процесстерди күчөтүү аркылуу, орто мөөнөттүү келечекте глобалдык экономиканын шартында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин алдыңкы өнүгүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максаттарына кантип жетишүүгө болору жөнүндө 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор, Беларусь Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Михаил Мясникович Улуттук изилдөө университетинин "Жогорку экономика мектебинде" студенттер, аспиранттар жана илимий жана академиялык коомчулук үчүн лекциянын жүрүшүндө айтып берди. Иш-чара экономикалык жана коомдук өнүгүү көйгөйлөрү боюнча XXII Апрель эл аралык илимий конференциясынын алкагында өттү.

ЕАЭБде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды
15 Апрель

Мындай сунушту Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товардык биржаларынын өкүлдөрү ЕАЭБдин товарларынын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча кеңешмесинде билдиришти. Кеңешмени 14-апрелде ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев өткөрдү.

ЕАЭБде расмий статистиканы түзүү тартиби өркүндөтүлөт
15 Апрель

This was discussed at the eighteenth meeting of the Advisory Committee for Statistics under the Eurasian Economic Commission’s Board held on April 14 in Moscow under the chairmanship of Sergei Glazyev, EEC Minister in charge of Integration and Macroeconomics.

ЕАЭБде маданияттардын диалогу адамдарга экономикалык интеграцияны жакындатат
15 Апрель

Мындай жыйынтыкка жыл сайын өткөрүлүүчү "Маданияттар диалогу" эл аралык жаш журналисттердин медиа форумунун катышуучулары келишти, бул иш-чара 14-апрелде Санкт-Петербург шаарында он бешинчи жолу өткөрүлдү. Форумдун тарыхында биринчи жолу евразия тематикасына өзүнчө отурум арналды. Бирлик өлкөлөрүнүн журналисттери жана блогерлери, алар туш болгон көйгөйлөр жана ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнө аудиториянын кызыгуусун арттыруу үчүн эмне керек экендиги жөнүндө ачык айтып беришти. Биринчи кезекте, өлкөлөр жана адамдар көбүрөөк баарлашып, бири-бирине ишенип, маданият чөйрөсүндө интеграцияланышы зарыл, ал эми Комиссия - жарандарды эмне кызыктырган нерсе жөнүндө ачык айтышы керек.

Гоар Барсегян: "Тутумдук аналитика - ЕАЭБдеги эл аралык ишмердиктин маанилүү элементи"
15 Апрель

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Эл аралык колдонмо тутумдарды талдоо институтунун (IIASA) "Евразиядагы тутумдук талдоо" регионалдык конференциясында билдирди.

Улуттук мыйзамдарды унификациялоо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасы боюнча кызматташуусуна жардам берет
15 Апрель

Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында уюштурулган кеңешменин алкагында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес коомчулугунун, тармактык коомдук бирикмелеринин, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен өзүн-өзү камсыздоосун жогорулатуу, асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

ЕЭК жана ЕАӨБ транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыктын багыттарын аныкташты
14 Апрель

12-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Эмиль Кайкиев башында турган делегациясы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармасынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.