Pages: 27-11-2019-3
Version HistoryVersion History

Name

27-11-2019-3

Title

ЕЭК ЕАЭБдеги өнөр жай кызматташтыгынын жаңы багыттарын иштеп чыгууда

Comments

 

Contact

Тенюкова Елена Владимировна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгын 2025-жылга чейинки жана 2035-жылга чейинки перспективадагы Негизги багыттарынын долбоорун даярдады. Документти ЕЭКтин өнөр жай боюнча Консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары карап чыгышты.

ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин белгилеп өткөндөй, Негизги багыттар үч негизги милдетти чечүүнү караштырат: өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүн демилгелөө, Бирликтин өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле ЕАЭБде өнөр жайдын туруктуу жана балансталган узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.

Өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн алкагында он негизги багыт аныкталды, алардын арасында – өнүгүүнүн инновациялык векторуна өтүү, өнөр жайдын санариптик трансформациясы, инвестициялык долбоорлор чөйрөсүндөгү кызматташтык, өнөр жай кооперациясын демилгелөө, өз ара сооданы жана продукцияны экспортко илгерилетүү механизмдерин өнүктүрүү.

Жаңы документтин долбоорунда белгиленген приоритеттердин катарында – тармактык жана тармактар аралык кызматташтыкты активдештирүү, ишканалардын экологиялык жана ресурстук натыйжалуулугун демилгелөө, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өнөр жайындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүү.

Аталган багыттарды өнөр жай кызматташтыгынын буга чейин иштелип чыккан механизмдеринин жана аспаптарынын жардамында ишке ашырууга, ошондой эле 2020–2025-жылдарда түзүү пландаштырылган жаңы аспаптарды колдонуу пландаштырылууда.

Консультативдик комитеттин катышуучулары ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин тутум түзүүчү ишканаларына мониторингдин 2019-жыл үчүн жыйынтыктарын чыгарышты. Документке ылайык, бул жылы иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн жаңыдан аныкталган тоскоолдуктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе азайган, бул тараптардын Бирликтин укугун эске алуу менен улуттук актыларды кабыл алуусу менен жагдайдын жакшыргандыгын билдирет.

Комитеттин алкагында Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай субсидияларын берүү жаатындагы милдеттенмелерин аткарышы, ошондой эле 2017-жылдын 26-майындагы Өнөр жай товарларына карата өзгөчөлүү субсидияларды ыктыярдуу макулдашуунун тартиби жөнүндө макулдашууну өнүктүрүү максатында кабыл алынган документтердин жоболорун узартуу маселелери талкууланды.

Алсак, комитеттин мүчөлөрү Товардын Бирликтин өлкөлөрү тарабынан биргелешип өндүрүлгөндүгүн таануу тартибинин алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу боюнча шарттарды эки жылга узартуу бөлүгүндө консенсуска келишти. Ошондой эле, Комиссиянын Кеңеши тарабынан бекитилген, Бирликтин аймагында жетишсиз санда өндүрүлгөн өнөр жай товарын өндүрүүгө багытталган өзгөчөлүү субсидияга жол берилгендигинин критерийин колдонуу шарттары эки жылга узартылды.

 

Маалымат

Товардын Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан биргелешип өндүрүлгөндүгүн таануу тартиби Комиссиянын Коллегиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 93 Чечими менен кабыл алынган жана мүчө мамлекеттердин мындай товарга карата өзгөчөлүү субсидияны Комиссия менен макулдашууга мүмкүнчүлүгү болушу үчүн, товарды кантип биргелешип өндүрүлгөн деп таанылышын жөнгө салат.

Өзгөчөлүү субсидияларга жол берилгендигинин айрым критерийлерин колдонуу шарттарынын тизмеги Комиссиянын Коллегиясынын 2019-жылдын 18-январындагы № 14 Чечими менен бекитилген жана ЕАЭБдин өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өзгөчө берүүнүн эң маанилүү багыттары боюнча субсидиялоо параметрлеринин чектүү маанилерин белгилейт. Бул, биринчи кезекте, чакан жана орто бизнести колдоо, мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, жогорку технологиялуу, инновациялык продукцияны өндүрүү, аналогу жок продукцияны, ошондой эле жетишсиз санда өндүрүлгөн продукцияны өндүрүү.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

27.11.19

Image Caption

Announcement

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгын 2025-жылга чейинки жана 2035-жылга чейинки перспективадагы Негизги багыттарынын долбоорун даярдады. Документти ЕЭКтин өнөр жай боюнча Консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары карап чыгышты.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Industry and agriculture

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/Заседание Консультативного комитета по промышленности 25 ноября 2019 года

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 1.0
Created at 27.11.19 15:19 by Тенюкова Елена Владимировна
Last modified at 04.12.19 18:14 by admin