Pages: 27-11-2019-2
Version HistoryVersion History

Name

27-11-2019-2

Title

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк сооданын универсалдуу тилинде сүйлөшөт»

Comments

 

Contact

Кудаяров Уланбек Болотбекович

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

Фото-1.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

«Стандартташтырууну образдуу түрдө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бири-бири менен сүйлөшкөн тили, ал эми эл аралык стандартташтырууну – дүйнөлүк сооданын универсалдуу тили деп атоого болот. Жана бул тил бардык жерлерде колдонулууга тийиш. Ошондуктан, БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча стратегиясын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, ТӨМ жаатындагы адистер өздөрүнүн иш-аракеттерин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү кесиптештери менен бириктириши маанилүү», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча Жумушчу тобунун (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) Женевада (Швейцария) болуп өткөн 29-сессиясында билдирди.

Отурумдун алкагында ТӨМгө жетүү боюнча БУУнун стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык стандартташтыруунун бул процесстеги ролу жана орду талкууланды. Мындан сырткары, ченемдик жөнгө салуу, аккредиттөө, шайкештикти баалоо тутумдарындагы тобокелдиктерди башкаруу, рынокту көзөмөлдөө жана метрология, техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жана дүйнөлүк соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жеңүүдөгү эл аралык стандартташтыруунун ролун өнүктүрүү маселелери талкууданды. Бир катар уюштуруучулук маселелер чечилди. Атап айтканда, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биринин – Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Валентин Татарицкий БУУ ЕЭК 6 ЖТнын Төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын 2020 – 2021-жылдарда аткармакчы.

Рынокту көзөмөлдөө маселелери боюнча панелдик сессияда ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү, анын ичинде ЕАЭБде ички рынокто товарлардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык келишимдерди колдонуу жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн принциптеринин жана мамилелеринин иштелип чыккандыгы жөнүндө айтып берди. Ал иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн БУУ ЕЭК 6 ЖТнын МАРС рыногун көзөмөлдөө боюнча Консультативдик тобунун Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында алгачкы жолу өткөрүлгөн жана дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн өкүлдөрүн чогулткан июлдагы отурумунун жыйынтыктарына бурду.

 Мындан сырткары, Виктор Назаренко БУУ ЕЭК 6 ЖТнын төрайымы Марион Штольдт, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын төрагасы Юрий Амбразевич жана БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору Татьяна Валовая менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Евразия экономикалык комиссиясынын жана БУУнун жумушчу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүнүн перспективалары, атап айтканда, Евразия экономикалык комиссиясынын жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын маанилүү ролун баса белгилешти. БУУ органдарынын жетекчилери, өз кезегинде, Евразия экономикалык комиссиясынын БУУ ЕЭК 6 ЖТнын, анын ичинде анын бөлүмчөлөрүнүн рынокту көзөмөлдөө жана ченемдик жөнгө салуу тутумдарындагы тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча иш-чараларындагы активдүү катышуусун белгилешти. Тараптар өз ара аракеттенүү андан ары кеӊейтүүгө кызыгуусун билдиришти.

 

Маалымат

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) – БУУнун беш регионалдык уюмдарынын бири. Ал 1947-жылы БУУ ЕЭКтин мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Ага 56 мамлекет мүчөлүк кылат. Уюмга Европа өлкөлөрү менен катар АКШ, Канада, Түркия, Израиль жана КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттери кирет. БУУ ЕЭКтин негизги максаты – өлкөлөрдүн экономика, статистика, транспорт, турак жай чарбачылыгы, жерди пайдалануу жана экология тармактарындагы интеграциясына жана кооперациясына көмөк көрсөтүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча Жумушчу тобу (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) 1970-жылы негизделген. БУУ ЕЭК 6 ЖТнын негизги максаты – ченемдик жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, метрология, рынокту көзөмөлдөө жана тобокелдиктерди баалоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча диалогду түзүү.

БУУ ЕЭК 6 ЖТ мамлекеттерге керектөөчүлөрдүн саламаттыгын, коопсуздугун сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча саясат жүргүзүүгө жардам берүүчү сунуштамаларды иштеп чыгат. Аталган сунуштамалар милдеттүү болуп саналбайт, бирок БУУ ЕЭКтин мүчө мамлекететринде жана башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

27.11.19

Image Caption

Announcement

«Стандартташтырууну образдуу түрдө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бири-бири менен сүйлөшкөн тили, ал эми эл аралык стандартташтырууну – дүйнөлүк сооданын универсалдуу тили деп атоого болот. Жана бул тил бардык жерлерде колдонулууга тийиш. Ошондуктан, БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча стратегиясын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, ТӨМ жаатындагы адистер өздөрүнүн иш-аракеттерин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү кесиптештери менен бириктириши маанилүү», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу маселелери боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча Жумушчу тобунун (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) Женевада (Швейцария) болуп өткөн 29-сессиясында билдирди.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Technical Regulation

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/29-я сессия РГ 6 ЕЭК ООН в Женеве

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 1.0
Created at 27.11.19 11:14 by Кудаяров Уланбек Болотбекович
Last modified at 04.12.19 18:12 by admin