Pages: 27-11-2019-1
Version HistoryVersion History

Name

27-11-2019-1

Title

ЕАЭБде европалык инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну пландаштырышууда

Comments

 

Contact

Кудаяров Уланбек Болотбекович

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

TS_09808_S.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Европалык бизнестин өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти. ЕАЭБде өз кезегинде инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну жана инвесторлордун режимин жөнгө салуу эрежелерин жакындатууну пландаштырышууда. 22-ноябрда VI Москва эл аралык каржылык-экономикалык форумунда ишкерлер Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБдин инвестициялык потенциалын өнүктүрүү жана континенттер аралык байланыштуулукту кеңейтүү маселелери евразиялык интеграцияны тереңдетүү үчүн приоритеттүү маселелерге айланууда. Инвестициялар интеграциялык бирикмелердин ортосундагы узак мөөнөттүү ийгиликтүү кызматташтыктын өбөлгөсү жана негизи болуп саналат.

«Кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара инвестицияларды өнүктүрүүгө карай алынган багыт айрым өлкөлөрдүн экономикаларын өнүктүрүү үчүн гана эмес, жалпы эле Евразия региону үчүн оң импульс берет деп ишенем», – деди Аскар Кишкембаев.

Ал Европа бирлигинде мындай континенттер аралык көпүрөнү куруу үчүн мыйзамдык негиздер түзүлгөн деп кошумчалады. 2018-жылы Европа бирлигинин Азия боюнча аракеттеринин стратегиясы, ал эми 2019-жылдын жай айларында – Борбордук Азия боюнча стратегия кабыл алынган. Аталган стратегиялар байланыштуулук принциптерине негизделген жана каржылык-экономикалык, саясий жана социалдык-маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Бирок, эгер акыркы беш жылдын ичинде Евразия экономикалык комиссиясы чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен болсо (Вьетнам, Сингапур менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуулар, Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу буга мисал боло алат), Европа өлкөлөрү менен мамилелер мындай деңгээлге жеткен жок. Бирок европалык бизнестин өкүлдөрү жана айрым саясатчылар ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестицияларды өнүктүрүүгө чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө.

Континенттеги байланыштуулук инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу ролду өнүктүрүү банктары ойноого тийиш. Европалык жана көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын инвестициялык долбоорлорду каржылоодо катышуусу жеке капиталды кеңири тартуу үчүн шарттарды түзмөкчү.

«Ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоодо өнүктүрүү банктары тарабынан киргизилген жогорку стандарттар мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбанын таралышына өбөлгө түзөт, ал эми бул тармактык реформаларды демилгелөө үчүн да, рынокко болгон ишенимди жогорулатуу үчүн да маанилүү. Жагымдуу инвестициялык климаттын түзүлүшү потенциалдуу инвесторлорду – мамлекеттик жана жеке инвесторлорду тартышы мүмкүн», – деди Аскар Кишкембаев.

Комиссиянын өкүлү ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлгандан тарта өткөн беш жылдын ичинде Бирликтин мейкиндигинде инвестицияларды укуктук коргоо режими түзүлгөн деп белгиледи. «Биздин милдет инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачуу жана инвесторлордун режимдерин жөнгө салуу эрежелерин жакындатуу болуп саналат», – деп Аскар Кишкембаев корутундулады.

Форум Евразия экономикалык комиссиясынын колдоосу менен Евроазия кызматташтыгынын Каржы-банк ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Анын ишинде Европанын жана ЕАЭБдин ири бизнес-коомдоштуктарынын жетекчилери, ЕЭКтин өкүлдөрү катышышты.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

27.11.19

Image Caption

Announcement

Европалык бизнестин өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти. ЕАЭБде өз кезегинде инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну жана инвесторлордун режимин жөнгө салуу эрежелерин жакындатууну пландаштырышууда. 22-ноябрда VI Москва эл аралык каржылык-экономикалык форумунда ишкерлер Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Source

Show latest news in the block

No

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Economy and financial policy

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 1.0
Created at 27.11.19 9:05 by Кудаяров Уланбек Болотбекович
Last modified at 04.12.19 18:11 by admin