Pages: 19-11-2019-4
Version HistoryVersion History

Name

19-11-2019-4

Title

ЕАЭБде тышкы жана өз ара сооданын статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасын" иштеп чыгышууда

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Товарлар менен эл аралык соода жүргүзүүнүн статистикасы маселелери (ТЭСС) боюнча Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн эл аралык семинарда эксперттик коомдоштук Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн статистикасын 2025-жылга чейин  өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев өзүнүн саламдашуу сөзүндө белгилеп өткөндөй, глобалдык санариптик трансформация товарлар менен эл аралык соода жүргүзүүнүн статистикасына олуттуу таасирин тийгизүүдө. 

"Биз өнүгүп жаткан интеграциялык процесстерди байкоонун жаңы аспаптарын киргизүүнү камсыз кылышыбыз, ишенимдүү статистикалык пайдубалды түзүшүбүз зарыл. Бул Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн комплекстүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында негизги башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына өбөлгө түзөт", – деди Сергей Глазьев.

Семинардын катышуучулары – ЕАЭБ мамлекеттеринин, ошондой эле Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы эл аралык эксперттери – "Жогорку экономика мектеби" Улуттук изилдөө университетинин (Россия Федерациясы) технологиялык жана дуйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптеринин өзгөрүшү жана ага байланыштуу глобалдык санариптик трансформация процесстеринин болушу контекстинде ТЭССти өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө форсайт-изилдөөсүнүн натыйжаларын талкуулашты.

Эксперттер келечектеги ТЭССтин контурларын аныктоого карата көрсөтүлгөн илимий мамилелерге жогору баа беришти жана сооданын көрсөткүчтөрүн, анын ичинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерин глобалдык экономикада бир кыйла тагыраак позициялоо үчүн, кошулган нарк боюнча көрсөткүчтөрүн түзүүнүн стастистикалык аспаптарын андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан сырткары, алар жалпы санариптик процесстердин негизинде статистикалык маалыматтарды түзүүдө ведомстволор аралык обочолонууну жеңүү, ошондой эле ТЭСС маалыматтарынын толуктугун, аныктыгын, ыкчамдыгын, алардын көбүрөөк деталдуулугун жогорулатуу үчүн альтернативдүү маалымат булактарын колдонуу керектигин баса белгилешти.

Талкуунун катышуучулары ЕАЭБде товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн статистикасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырышып, долбоордун негизги иш-чаралары ТЭСС жаатындагы дүйнөлүк статистикалык күн тартибине толук кандуу шайкеш келишине басым жасашты.

Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Статистика боюнча комитетинин төрагасы Нурболат Айдапкелов өз кезегинде ийгиликтүү эл аралык соода кайсы болбосун өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнүн кепилдиги болуп саналат деп баса белгиледи. "Мамлекетке актуалдуу жана ишенимдүү статистикалык маалыматтар керек. Эл аралык соодада жаңы технологиялардын жана онлайн-транзакциялардын колдонулушу барган сайын көбөйүп жаткан шарттарда альтернативдүү булактарды жана өлчөө ыкмаларын издөө милдети абдан эле өз убагында коюлду", – деди ал.

Эл аралык соода жөнүндө маалыматтар ар дайым жогорку сурамга ээ, ошондуктан өлкөлөр аларды сапаттуу чогултуу үчүн бардык болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышат. Буга БУУнун Статистика бөлүмүнүн соода жана өнөр жай статистикасы секторунун башчысы Марки Мурьяван көңүл бурду. 

"Нарк түзүүнүн глобалдык чынжарларынын өнүгүүсү менен коштолгон глобалдаштыруу, соода операцияларынын санариптештирилиши жана электрондук коммерциянын өсүшү, ошондой эле 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы статистиктерди статистикалык натыйжалардын актуалдуулугун кайрадан түшүнүүгө жана жаңы муктаждыктарга шайкеш келүү үчүн, жаңы маалымат булактарын изилдөөгө мажбурлоодо", – деп белгиледи ал.

"ЕЭКтин Евразия мейкиндигиндеги тышкы жана өз ара сооданын статистикасы жаатындагы аракеттердин стратегиялык планын түзүү боюнча иш-аракеттери аны ишке ашырууда ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жаңы импульс берет деген үмүттөбүз", – деп ЕЭКтин Статистика департаментинин директорунун орун басары Елена Борушко жыйынтыгында белгиледи.

Мындай форматтагы семинар БУУнун Статистика бөлүмүнүн жана Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Статистика боюнча комитетинин колдоосу менен, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан алгачкы жолу уюштурулду.

 

Маалымат

Иш-чарада БУУнун Статистика бөлүмүнүн, ЮНКТАДдын, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк болот өндүрүүчүлөр ассоциациясынын эксперттери, ошондой эле Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Украинанын жана Молдованын, Кытайдын жана Мексиканын товарлар менен тышкы соода жүргүзүүнүн статистикасы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Семинар жөнүндө толугураак маалыматты төмөнкү шилтемелер боюнча алууга болот:

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/integr_i_makroec/dep_stat/events/IMTS2019/

https://unstats.un.org/unsd/trade/events/2019/Kazakhstan/default.asp​

Summary Links

Byline

 

Article Date

19.11.19

Image Caption

Announcement

Товарлар менен эл аралык соода жүргүзүүнүн статистикасы маселелери (ТЭСС) боюнча Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн эл аралык семинарда эксперттик коомдоштук Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүүнүн статистикасын 2025-жылга чейин  өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Integration and Macroeconomics

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 19.11.19 18:08 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 03.12.19 11:11 by admin