Pages: 19-11-2019-3
Version HistoryVersion History

Name

19-11-2019-3

Title

ЕЭК Кеңеши бир катар товарларга карата милдеттүү түрдө маркалоонун киргизилишин жактырды, роумингдеги мобилдик байланыш кызматтары үчүн тарифтерди төмөндөтүү маселесин талкуулады, продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке аш

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

IMG_5592-2.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иштеши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бир катар товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү, каржы саясаты, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты. 

ЕЭК Кеңеши Россия Федерациясынын атырларга жана атыр сууларга, шиналарга жана резинадан жасалган пневматикалык жаңы дөңгөлөк алкактарына, фотокамераларга (кинокамералардан сыткары), фотожарыктарга жана лампа-жарыктарга, жеңил өнөр жай продукциясынын айрым позицияларына карата идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жөнүндө сунуштарын карап чыкты жана жактырды. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи. Өлкөлөр алардын аймагында маркалоону киргизүү мөөнөттөрүн өздөрү аныкташат.

Маркаланбаган жеңил өнөр жай товарларын жүгүртүүгө тыюу салуу 2021-жылдын 1-январынан эрте киргизилбейт. Фотокамераларды (кинокамералардан сыткары), фотожарыктарды жана лампа-жарыктарды идентификациялоо каражаттары менен маркалоого келсек, маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салуу 2020-жылдын 1-октябрынан эрте киргизилбейт. Шиналарга жана резинадан жасалган пневматикалык дөңгөлөк алкактарына карата маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салуу 2020-жылдын 1-декабрынан кеч эмес киргизилет. Маркаланбаган атырларды жана атыр сууларды жүгүртүүгө тыюу салуу 2020-жылдын 1-октябрынан эрте киргизилбейт.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясына мүчө мамлекеттер менен биргеликте 2020-жылдын 1-мартына чейин, ЕАЭБ мамлекеттеринин позицияларын эске алуу менен, Бирликтин өлкөлөрүнүн аймактарындагы эл аралык роуминг үчүн адилет тарифтерди киргизүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. 

 

ЕЭК Кеңеши "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" тескемесин кабыл алды.

Пилоттук долбоордун негизги милдети техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген продукцияны аныктоо жана анын жүгүртүлүшүн чектөө боюнча көзөмөлдүк иштин алкагында ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсүн апробациялоо болуп саналат.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары Бирликтин алкагындагы жалпы процесстердин тизмеги менен каралган, "Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү, киргизүү жана колдонуу" деп аталган жалпы процессти андан ары ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн негиз болуп калууга тийиш.

Кеңештин тескемесинде пилоттук долбоорду Бирликтин интеграцияланган тутумун мамлекеттер аралык тестирлөө контурунда тесттик эксплуациялоону өткөрүү мөөнөттөрүн узартуу жана маалымдоо тутумунун Бирликтин интеграцияланган тутумунун өндүрүмдүү контурунда пилоттук режимде иштеши, ошондой эле пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча чараларды кабыл алуу каралган, алардын максаты – Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун пайдалануу менен мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын техникалык жөнгө салуу тармагындагы маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутуму ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында түзүлмөкчү. Ошондой эле, анын катышуучулары мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) натыйжалары; аныкталган бузуулардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар; Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого жаткан продукцияны шайкештикти баалоо жөнүндө документтерсиз же алар жөнүндө маалыматтарсыз сатуу учурлары ж.б. жөнүндө билдире алышат. Ошентип, Бирликтин тиги же бул өлкөсүнүн рыногунда табылган, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген кооптуу продукция боюнча аны ЕАЭБдин бүткүл аймагында жүгүртүүдөн алып салууга чейин чаралар кабыл алынмакчы.

ЕЭК Кеңеши "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчётунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө" тескемесин кабыл алды.

Тескеме менен каралган иш-чаралар бирдиктүү милдеттүү талаптарды макулдашуу жана өркүндөтүү процессине формалдуу мамилени болтурбоого, практикалык өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк бермекчи. Долбоорлорду кароого бардык кызыкдар катышуучуларды тартуунун улуттук деңгээлдеги тутумун түзүү жана ведомстволор аралык келишпестиктерде бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу көп жолу орун алуучу, көп учурларда кайталануучу макулдашууларды жокко чыгарууга жардам берет.

Ошондой эле, ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясына мүчө мамлекеттер менен биргеликте Техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана иштеп чыгуу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин түзөтүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

ЕЭК Кеңеши, ошондой эле, парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну караштырган, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу Планына өзгөртүү киргизди. 

Аталган өзгөртүүлөр парфюмердик-косметикалык продукциянын колдонулуу чөйрөсүн тактоо жана идентификациялоо, ингредиенттердин токсикологиялык мүнөздөмлөрүнүн негизинде алынган, продукциянын токсикологиялык көрсөткүчтөрүнө карата талаптарды белгилөө, бир эле мезгилде бир нече техникалык регламенттердин аракетине жаткан продукцияны маркалоо жана анын шайкештигин баалоого карата талаптарды белгилөө, альтернативдик in vitro ыкмалары менен (жаныбарларды пайдалануусуз) былжыр челдерге дүүлүктүрүүчү таасирин баалоону белгилөө, таңгакка карата талаптарды белгилөө максатында, Беларусь Республикасы тарабынан даярдалмакчы.

ЕЭК Кеңеши ЕЭК Коллегиясына кыймылдуу темир жол составынын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 710 Чечими менен белгиленген өткөөл мезгилди 2030-жылдын 2-августуна чейин узартуу боюнча Россия Федерациясынын сунушунун өзүнчө отурумда каралышын камсыз кылууну тапшырды. Бул ракеталар үчүн күйүүчү майдын компоненттерин, "Росатом" Мамлекеттик корпорациясынын атайын жүктөрүн, куралдуу күзөттөрдү жана атайын жүктөрдү коштоочу персоналды ташуу үчүн кыймылдуу темир жол составын, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө эксплуатацияланган атайын кыймылдуу темир жол составын жүгүртүүгө чыгаруу үчүн жасалууда.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

19.11.19

Image Caption

Announcement

18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ички рыноктун иштеши, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, бир катар товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү, каржы саясаты, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыгышты.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

Yes

Show in media block

No

Category

News

Department

Chairman of the EEC Board; Trade; Technical Regulation; Competition and Antitrust regulation

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/Совет ЕЭК 18.11.2019

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 19.11.19 17:28 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 03.12.19 11:10 by admin