13-14-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы
штаб-квартирасында болуп өткөн эл аралык семинардын катышуучулары эл аралык
соодада электрондук фитосанитардык сертификаттарды колдонууну
талкуулашты.
Семинардын ишинде 26 өлкөдөн 62 өкүл, анын ичинде БУУнун Азык-түлүк жана
айыл чарба уюмунун (ФАО) Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн
өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук деңиз
уюмунун мүчө мамлекеттеринин өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча
улуттук уюмдарынын (ӨККУУ), ФАОнун Европа жана Борбордук Азия үчүн регионалдык
бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин
мамлекеттеринин элчиликтеринин өкүлдөрү катышышты.
Семинардын катышуучулары электрондук сертификаттарды колдонуунун дүйнөлүк
тажрыйбасы жана аны Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ишинде
колдонуу тажрыйбасы менен таанышты. Мындан сырткары, алар экспорттоочу
өлкөлөрдүн ӨККУУларынын фитосанитардык чаралар боюнча жаңы эл аралык
стандарттарды иштеп чыгуу жана учурдагы эл аралык стандарттарды кайра кароо
боюнча ишмердигин активдештирүү маселесин карап өтүштү.
ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин
директору Игорь Гаевский продукциянын кыймылын көзөмөлдөө маселесине жана
электрондук фитосанитардык сертификаттардын бул милдетти чечүүдөгү ролуна
токтолуп өттү.
"Электрондук фитосанитардык сертификаттарды
иш-тажрыйбага киргизүү фитосанитардык контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга,
жасалма фитосанитардык сертификаттардын жүгүртүлүшүн төмөндөтүүгө жана эл
аралык соодадагы негизсиз тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Игорь Гаевский.
Парагвай Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рамон Диас
Перейра өз кезегинде Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнөн
өсүмдүк продукциясынын ЕАЭБ мамлекеттерине экспортунун өсүшүн белгиледи.
ФАОнун Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн директорунун
милдеттерин аткаруучу Агаси Арутюнян жана ФАОнун Европа жана Борбордук Азия
үчүн өкүлү Пётр Влодарчик ФАОнун айыл чарба жаатындагы ишмердиги жана бул
тармактагы бир катар долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу айтып беришти.
"Комиссия товарларды көзөмөлдөөнүн маанилүү
элементи жана алардын ЕАЭБдин аймагы боюнча эркин кыймылын камсыз кылуунун
маанилүү фактору болуп саналган электрондук фитосанитардык сертификаттарды
колдонуу үчүн укуктук негизди түзүүдө", – деди Игорь Гаевский. Ал семинардын катышуучуларына
көзөмөлдөө боюнча жаңы ФЧЭС иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш
кылды.
Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Европа жана Жер ортолук
деңиз уюмунун башкы директору Нико Хорн дүйнөдө электрондук фитосанитардык
сертификаттарды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча жагдай тууралуу жана аларды
колдонууда келип чыгып жаткан көйгөйлөр жөнүндө кенен айтып берди. Ал аталган
долбоордо 51 өлкө катышып жаткандыгын белгиледи. Нидерланддын өкүлү өз
кезегинде Голландияда электрондук фитосанитардык сертификаттарды колдонуу
тажрыйбасына жана буга байланыштуу пайда болуп жаткан кемчиликтерге, жана алар
аталган кемчиликтердин жоюунун үстүнөн иштеп жаткандыгына токтолуп өттү.
Талкуунун жүрүшүндө Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана
Россия Федерациясынын өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук
уюмдарынын өкүлдөрү электрондук фитосанитардык сертификаттарды колдонуунун
актуалдуулугун белгилешти жана аталган сертификаттарды алардын өлкөлөрүндө жана
жалпы эле ЕАЭБде колдонуунун перспективаларын айтышты.
Ошондой
эле, семинардын катышуучулары электрондук фитосанитардык сертификаттарды
колдонуунун көйгөйлүү маселелерин жана фитосанитардык чаралар боюнча жаңы эл
аралык стандарттарды иштеп чыгуудагы жана учурдагы эл аралык стандарттарды
кайра кароодогу кызматташтыктын приоритеттүү багыттарын талкуулашты.