Pages: 30-10-2019-4
Version HistoryVersion History

Name

30-10-2019-4

Title

Таиланд ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

IMG00209.JPG

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

28-октябрда Таиланддын Королдук армиясынын генералы Бунрод Срисомбат башында турган Таиланд Королдугунун өкмөтүнүн соода-экономикалык жана коргонуу блокторунун мамлекеттик кызматкерлеринин делегациясы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасына келишти.

 

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян Таиланддын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы абалы, Бирликтин органдарынын түзүмү, анын эл аралык күн тартиби жана Бирликтин королдук менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

 

"2018-жылда кол коюлган меморандум биздин мамилелердин өнүгүшүнө жакшы импульс берди жана келечекке карата бекем фундаментти түздү. Биз биргелешкен жумушчу топтун отурумун өткөрдүк, соода көлөмдөрүнүн өсүшүн каттодобуз, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Таиланддын ишкердик коомдоштуктарынын өз ара кызыгуусун байкап жатабыз", – деди Гоар Барсегян.

 

2018-жылда товар жүгүртүү 2017-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 17,0%га өскөн жана 2 863,4 млн АКШ долларын түздү. Бирликтин Таиландга экспорту 45,7%га, 834,9 млн АКШ долларына чейин өстү, ал эми ЕАЭБдин королдуктан импорту – 8,3%га, 2 028,4 млн АКШ долларына чейин өскөн.

 

Мындан сырткары, Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн Таиланд Азиянын эң ири интеграциялык бирикмеси болуп саналган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен байланыштарды өнүктүрүүдөгү ишенимдүү көпүрө болуп саналат. Аталган ассоциация менен Комиссия 2018-жылдын ноябрь айында экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзгөн. Бул жылы Таиланд АСЕАНдын органдарында төрагалык кылууда, жана буга байланыштуу ЕЭК таиланддык тарапка Комиссиянын мүчөлөрүн бул жылы Бангкокто АСЕАН линиясы боюнча уюштурулган иш-чараларга катышууга чакыргандыгы үчүн абдан ыраазы.

 

ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин соодалык жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Антон Цециновскийдин ЕАЭБдин соода макулдашууларын, айрыкча эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иши жөнүндө баяндамасы Таиланддын делегациясынын чоң кызыгуусун жаратты.

 

Таиланддык делегациянын башчысы ЕЭКтин жана Таиланд Королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандум келечекте ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Таиланддын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жолго коюлушунун аркасында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүгө, инвестицияларды өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи.

 

Маалымат:

 

ЕЭКтин жана Таиланддын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 19-ноябрында Бангкокто кол коюлган. 

 

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда Москвада ЕЭКтин жана Таиланд Королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 1-отуруму өткөрүлгөн.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

30.10.19

Image Caption

Announcement

28-октябрда Таиланддын Королдук армиясынын генералы Бунрод Срисомбат башында турган Таиланд Королдугунун өкмөтүнүн соода-экономикалык жана коргонуу блокторунун мамлекеттик кызматкерлеринин делегациясы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасына келишти.

Source

Show latest news in the block

No

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Integration and Macroeconomics

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/Рабочая встреча делегации Таиланда с представителями ЕЭК

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 30.10.19 15:27 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:29 by admin