Pages: 30-10-2019-3
Version HistoryVersion History

Name

30-10-2019-3

Title

ЕАЭБ жана Монголия кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантышууда

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

IMG_5500 Глазьев.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

29-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Монголиянын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Очирма Очирбат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 3-отурумунун жыйынтыктарын талкуулашты.

 

ЕЭК Департаментинин директору биргелешкен аяккы протоколдо катталган келишкендиктерди ишке ашырууга токтоосуз киришүүнүн, анын ичинде 2020–2021-жылдарга карата иш-чаралардын планын түзүп баштоонун зарылчылыгына басым жасады.

 

"Жумушчу топтун отуруму ЕЭКтин профилдик департаменттеринин да, Монголиянын кызыкдар органдарынын да кызматташтыкка кызыгуусу бар экендигин көрсөттү. Отурумда, ошондой эле отурумдун алдында өткөрүлгөн консультациялардын жүрүшүндө жетишилген бардык келишкендиктерди 2020–2021-жылдарга карата иш-чаралардын планында бекитүү жана ага 2019-жылдын аягына чейин кол коюу зарыл", – деди Сергей Шухно.

 

Монголиянын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Евразия экономикалык комиссиясына жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешине Монголия менен сооданын көлөмдөрүн көбөйтүү жана ишкердик коомдоштуктардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн издегендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Очирма Очирбаттын пикири боюнча, ишкердик коомдоштуктар Монголия менен ЕЭКтин ортосундагы диалогго активдүүрөөк кошулушу зарыл. Бизнес-форумду уюштуруу жана монгол товарларынын көргөзмөсү монгол бизнеси үчүн мүчө мамлекеттердин рынокторун ачууга өбөлгө түзмөкчү.

 

Бирликтин ишкердик коомдоштуктарынын мындай иш-чараларды өткөрүүгө кызыгуусу жөнүндө ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин жолугушууда катышып жаткан өкүлү Манучар Кутателадзе билдирди. Ал Монголия Бирликтин өлкөлөрү үчүн салттуу соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми бизнес-форум жана монгол товарларынын көргөзмөсү ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кененирээк ачып көрсөтүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи.

 

Ошондой эле, тараптар аталган иш-чараларды даярдоо Монголиянын мамлекеттик жана ишкердик коомдоштуктарынын жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин багыттуу жана кылдат ишин талап кыларын белгилешти.

 

Маалымат:

2020–2021-жылдарга карата Иш-чаралардын планын даярдоо жана биргелешкен бизнес-форумду жана монгол товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү 2019-жылдын декабрына пландаштырылган.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

30.10.19

Image Caption

Announcement

29-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Монголиянын Россия Федерациясындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Очирма Очирбат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 3-отурумунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Source

Show latest news in the block

No

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Integration and Macroeconomics

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 30.10.19 13:36 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:23 by admin