Pages: 28-10-2019-1
Version HistoryVersion History

Name

28-10-2019-1

Title

ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдык шарттарына өтүшүүдө

Comments

 

Contact

Тенюкова Елена Владимировна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

27-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирди.

Буга чейин, 28-августта, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мехди Санаинин ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн жолугушуусунун жүрүшүндө керектүү жол-жоболордун аякташы жөнүндө ноталар менен алмашуу орун алган эле.

"Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын бизнес-коомдоштуктарынын сооданы өнүктүрүүгө улам өсүп жаткан кызыгуусун байкоодобуз. 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Ирандын экспорттоочулары биздин Бирликке жеткирүүлөрдү 27%дан ашык көбөйтүштү, ал эми биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,7 млрд АКШ долларынан ашты. Өз кезегинде, ушул жылдын январь-август айларында ЕАЭБден Иранга жеткирүүлөр 17%дан ашык өстү, ал эми аталган мезгил аралыгында товар жүгүртүү 2 млрд АКШ долларынан ашты. Биз бул макулдашуунун аракети бул трендди күчөтүү үчүн керектүү шарттарды түзүп берет деп ишенебиз", – деди Тигран Саркисян.

Күчүнө кирген соода макулдашуусу чектелген товардык камтууну караштырат, бирок продукциянын дээрлик бардык негизги сатылуучу түрлөнүн камтыйт, алардын үлүшүнө ЕАЭБдин жалпы экспортунун 55% туура келет (2016–2018-жылдарга карата соода статистикасынын маалыматтары). Бул айыл чарба жана өнөр жай товарларынын топтору. Преференциалдык импорттук камтуу Ирандын ЕАЭБге жеткирүүлөрүнүн жалпы көлөмүнүн 49% түзөт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттоочулары преференция алуучу товарлардын тизмегине эт жана май продукциясы, кондитердик азыктардын жана шоколаддын айрым түрлөрү, ошондой эле металлдар, косметика, электрондук жана механикалык жабдуулардын айрым түрлөрү кирет.

Ирандык тарапка азык-түлүктүн кеңири тизмеси боюнча, биринчи кезекте, жашылчалар, мөмө-жемиштер, кургатылган мөмө-жемиштер, ошондой эле курулуш материалдары, идиш, килем, түстүү металлдан жасалган айрым буюмдар боюнча тарифтик преференциялар берилмекчи.

Мындан сырткары, макулдашуу бажы алымдарын төлөөдө үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, документ БСУнун эрежелерине негизделген, ачык жана алдын ала айтууга боло турган соода шарттарын камсыз кылуу аркылуу соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн кошумча стимулдарды түзөт. Атап айтканда, макулдашуунун тараптары ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда соода жүргүзүлгөн товарларга карата болушунча ыңтайлуу болуу режимин жана улуттук режимди камсыз кылышмакчы; товарларды импорттоо менен байланыштуу бардык жыйымдар бажылык жол-жоболоштуруу боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан ашпашы зарыл; макулдашууда тизмеленген товарларга карата сооданы чектөөчү негизсиз тарифтик эмес чаралар колдонулбоого тийиш. Мындай талаптар БСУ укугундагы эң маанилүү талаптардын бири болуп саналат жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода режиминин алдын ала айтууга боло тургандыгын камсыз кылат.

ЕАЭБ өлкөлөрү да, Иран да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани беришет. Муну Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Руханинин үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Ереванда болуп өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда катышкандыгы күбөлөндүрөт.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу 2018-жылдын 17-майында Астана экономикалык форумунун алкагында түзүлгөн. Андан кийин макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрү жана Иран тарабынан ратификацияланган. Макулдашуунун Бирлик үчүн милдеттүүлүгү жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан мамлекет башчылары деңгээлинде кабыл алынган.

 

Макулдашуу, ошондой эле анын негизги жоболору жөнүндө маалымдама маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жайгаштырылган.

Summary Links

Byline

 

Article Date

28.10.19

Image Caption

Announcement

27-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирди.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Chairman of the EEC Board; Trade

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 28.10.19 12:12 by Тенюкова Елена Владимировна
Last modified at 02.12.19 17:20 by admin