Pages: 25-10-2019-9
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-9

Title

ЕЭК министри Виктор Назаренко: "ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эл аралык стандартташтырууда активдүү катышуусу Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүдө"

Comments

 

Contact

Горваль Артём Ефимович

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

Фото-1-Назаренко-МЭК.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

"Евразия экономикалык бирлигинде Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын ишинде активдүү катышуу зарылчылыгын айкын түшүнүшөт. Эл аралык электротехникалык комиссия Евразия экономикалык комиссиясы үчүн стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү приоритеттүү уюмдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Эл аралык электротехникалык комиссиянын (ЭЭК) генералдык катчысы Франс Вризвик менен жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

Сүйлөшүүлөр Эл аралык электротехникалык комиссиянын генералдык ассамблеясынын 25-октябрда Шанхайда (Кытай) аяктаган 83-отурумунун алкагында болуп өттү.

Виктор Назаренко Франс Вризвикти ЕЭКтин стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатындагы ишмердиги жөнүндө маалымдады. Ал Комиссия Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин аянтчасында мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча иштерди өнүктүрүүнү колдоорун белгиледи, ал жерде мамлекеттер аралык стандарттардын негизги иштеп чыгуучулары Россия, Беларусь жана Казакстан болуп саналат.

ЕАЭБ үчүн мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча ишти активдештирүү маанилүү, ошондуктан 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши түзүлгөн. "Кеңешти түзүү Евразия экономикалык бирлигинде стандартташтыруу жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу, анын ичинде ЕЭКтин жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эл аралык уюмдар менен, атап айтканда, Эл аралык электротехникалык комиссия менен кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чечимдерди иштеп чыгуу боюнча тутумдук иш үчүн өзгөчө чоң мааниге ээ, – деди Виктор Назаренко. – Биз үчүн мыкты эл аралык жана регионалдык стандарттарды тике колдонуу механизмин түзүү маанилүү. Ал үчүн ЕАЭБ жөнүндө келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми кийинки жылда биз бул идеяны ишке ашыруу боюнча сунуштарды талкууга даярдамакчыбыз".

ЕЭК министри ЭЭКтин генералдык катчысын шайкештикти баалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ЕАЭБде кабыл алынып чаралар тууралуу маалымдады. Атап айтканда, жүгүртүүгө чыгарылып жаткан продукция үчүн алардын жоопкерчилигин белгилөө максатында, чет элдик даярдоочу ыйгарым укук берген жактардын ишмердигин тартипке келтирүү боюнча Бирликтин органдарынын чечими кабыл алынды. "ЕАЭБдин рыногунда шайкештик жөнүндө сертификаттардын негизсиз берилишинин алдын алуу боюнча конкреттүү чаралар каралган жана ишке ашырылууда, бул Бирликтин рыногуна контрафакттык продукциянын жеткирилишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп Виктор Назаренко баса белгиледи.

Өз ара кызыкчылыкка ээ болгон маселелер боюнча пикир алмашуунун жүрүшүндө европалык бизнестин ЕАЭБ өлкөлөрү менен сооданы өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыгуусу белгиленди. "ЕЭКке келип түшүп жаткан сурамдар боюнча европалык бизнес ЕАЭБ менен соодадагы тоскоолдуктардын жоюлушуна кызыкдар экендигин белгилөөгө болот", – деди ЕЭК министри, – стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөлөрүн Европа комиссиясынын жана ЕЭКтин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары катары кароого болот".

Виктор Назаренко ЕАЭБдин электротехникалык продукцияга карата техникалык регламенттеринин талаптарын ишке ашыруучу стандарттардын эл аралык жана европалык документтер менен шайкеш келтирүү деңгээлин мисал катары келтирди, учурда ал 80%дан жогору. Ал эми айрым чөйрөлөрдө андан да жогору: электромагниттик шайкештик (85%), төмөн вольттуу жабдуулар (92%), энергонатыйжалуулук (93%).

Буга байланыштуу ЕЭКтин жана Бирликтин өлкөлөрүнүн ЭЭК менен биринчи кезекте стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкчылыгы белгиленди. Ошондой эле, тараптар ГФРдин өкүлдөрүнүн, аларды мыйзамдык жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу максатында, МЭКСЭ тутумунун (ЭЭКтин электр жабдууларын сыноо жана сертификаттоонун натыйжаларын тастыктоо боюнча тутуму) мүчө мамлекеттеринин ортосунда шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу жөнүндө эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө демилгелерин талкуулашты.

Жолугушуунун натыйжалары боюнча ЕЭК – ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жана ЭЭК форматындагы кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө келишкендик түзүлдү.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

"Евразия экономикалык бирлигинде Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан өндүрүлгөн продукциянын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын ишинде активдүү катышуу зарылчылыгын айкын түшүнүшөт. Эл аралык электротехникалык комиссия Евразия экономикалык комиссиясы үчүн стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү приоритеттүү уюмдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Эл аралык электротехникалык комиссиянын (ЭЭК) генералдык катчысы Франс Вризвик менен жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Technical Regulation

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 18:05 by Горваль Артём Ефимович
Last modified at 02.12.19 17:12 by admin