Pages: 25-10-2019-6
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-6

Title

ЕАЭБ жана Сербия Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

IMG_4695.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Бирликтин өлкөлөрүнүн премьер-министрлери, ошондой эле Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасы Ана Брнабич кол коюшту.

 

Жаңы соода макулдашуусу буга чейин эле аны менен эки тараптуу келишкендиктери бар болгон Беларустун, Казакстандын жана Россиянын гана Сербия менен соода жүргүзүү шарттарын толугу менен шайкеш келтирбестен, мурда Сербиянын рыногуна кирүүдө преференциялары жок болуп келген армян жана кыргыз товарлары үчүн ошондой эле режимди түзмөкчү.

 

"Сербиянын Россия, Казакстан жана Беларусь менен соода макулдашуулары буга чейин эле бар. Эми Армения жана Кыргызстан кошулууда. Биз маанилүү функцияны ишке ашыруудабыз – Бирликтин бардык өлкөлөрү үчүн преференциалдуу соода режимин бир түргө келтирип жатабыз. Бул макулдашуу Сербия менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн жаңы импульс бермекчи", – деп түшүндүрдү ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашуунун жөнгө салуучу бөлүгүн олуттуу түрдө жаңылоо мүмкүн болду, ага эң заманбап укуктук новеллалар киргизилди, айрыкча коргоо чараларын колдонуу, талаштарды чечүү жана товарлардын келип чыгуу эрежелери бөлүгүндө.

 

"Жетишилген келишкендиктер, биринчиден, Армениянын жана Кыргызстандын товарлары үчүн принципиалдуу жаңы рынокту ачууда – экпорттук профилдин басымдуу көлөмү боюнча токтоосуз алымсыз жетүү менен, жана, экинчиден, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда", – деп ЕЭКтин соода боюнча министри Вероника Никишина кошумчалады.

 

Жетишилген келишкендиктер Бирликтин өлкөлөрү жана Сербия үчүн учурдагы экспортко карата бажы төлөмдөрүн токтоосуз үнөмдөөгө негизделген кыска мөөнөттүү перспективадагы жана эркин соода режиминин аймагынын кеңейтилиши шарттарында экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу менен байланыштуу узак мөөнөттүү перспективадагы экономикалык пайдаларды камтыйт. 

 

"Бирликтин ар бир өлкөсү Сербияга экспорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушунан пайда алат. Армения үчүн мындай потенциал салттуу экспорттук кызыкчылыктагы товарлардын – күчтүү алкоголдун жана тамекинин, тамак-аш өнөр жайынын жана айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүдө болуп саналат. Кыргызстан үчүн – өсүмдүк продукциясын жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын, мисалы, фасолду, жаңгактарды жана балды жеткирүүлөрдө. Беларусь үчүн биз перспективаны аракты, мөмө-жемиш жана ачуу настойкаларды, ошондой эле бальзамдарды жана ликёрлорду экспорттоону көбөйүшүндө көрөбүз. Казакстандык компаниялар Сербияга эритилген сүр быштактарды жана күчтүү алкоголь ичимдиктерин, ал эми россиялык компаниялар – бекиткич арматурадан баштап, үй үчүн сантехникалык аралаштыргычтарды сатууну көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү бар", – деп ЕЭК министри Вероника Никишина сербиялык өнөктөштөр менен тарифтик келишкендиктерге түшүндүрмө берди.

 

Тарифтик милдеттенмелерден сырткары, макулдашуу соода операцияларын ишке ашыруунун туруктуулугун, алдын ала айтууга мүмкүндүгүн жана ачыктыгын кепилдөөгө арналган укуктук новеллалардын көлөмүнүн болушун камсыз кылат. 

 

Азыркы учурда Сербия БСУнун мүчөлүгүнө кирбейт, демек, талаштарды чечүүнүн жана соода кызыкчылыктарын камсыздоонун заманбап институттары менен бирге мындай жоболор Бирликтин бардык мамлекеттери үчүн толук актуалдуу болуп саналат.

 

Мисалы, сербиялык өнөктөштөр менен жетишилген келишкендиктер лицензиялоо жол-жоболорун колдонуу боюнча эл аралык стандарттарды сактоо боюнча милдеттенмелердин; тыюу салуулардын жана сандык чектөөлөрдүн; техникалык жөнгө салуулардын жана санитардык жана фитосанитардык чаралардын; "чек арадагы" жол-жоболорду өтүү менен байланыштуу жыйымдардын; демпингге каршы, компенсациялык жана атайын коргоо чараларын колдонуунун; интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоонун комплексин бекитет. 

 

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө заманбап тенденцияларды жана иш-тажрыйбаларды акылга сыярлык деңгээлде эске алуу менен, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын Сербия менен учурдагы эки тараптуу макулдашууларына салыштырмалуу, макулдашуунун жөнгө салуучу бөлүгүн олуттуу түрдө жаңылоо мүмкүн болду", – деп Вероника Никишина жыйынтыктады.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Бирликтин өлкөлөрүнүн премьер-министрлери, ошондой эле Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасы Ана Брнабич кол коюшту.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Chairman of the EEC Board

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/Подписание Соглашения о свободной торговле между ЕАЭС и Сербией

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 16:38 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:07 by admin