Pages: 25-10-2019-5
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-5

Title

ЕАЭБдин жана КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

25-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну күчүнө кирди. Бардык тараптар керектүү ратификациялык жол-жоболорду аткарышты. Документке 2018-жылдын 17-майында Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлган.

"Бул мүчө мамлекеттердин жана КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын бүткүл түзүмүн тартипке келтирүүчү маанилүү баскыч болуп саналат. Макулдашуу маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташтыгыбыздын сапаттуу укуктук базасын түзөт, алардын катарында – бажылык кызматташтык, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, соодалык коргоо чаралары, электрондук соода, интеллектуалдык менчик маселелери ж.б.", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Вероника Никишина белгиледи.

Преференциалдык эмес, б.а. алымдардын төмөндөтүлүшү каралбаган бул макулдашуу жөнгө салуу тутумдарынын транспаренттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга, соода жол-жоболорун жеңилдетүүгө, ошондой эле кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

"Макулдашууда Кытайдын жана Бирликтин СФС-чараларынын жана техникалык жөнгө салуу тутумдарынын транспаренттүүлүгүнүн буга чейинкиге салыштырмалуу кыйла жогорку деңгээлине жетүүгө мүмкүн болду. Негизинен алганда, биздин өлкөлөр бул чөйрөлөрдө бири бири үчүн кыйла ачык жана алдын ала айтууга мүмкүн болуп калышты. Бажы жол-жоболору жаатында тараптар тез бузулуучу товарлардын тездетилген бажылык жол-жоболоштурулушун камсыз кылуу менен, товарларды негизсиз кармоолорсуз чыгаруу жөнүндө келишишти. Ошондой эле, макулдашууда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экспорттоочулары үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого карата олуттуу кепилдиктер бекитилди", – деп Вероника Никишина мисалдарды келтирди.

Жалпысынан макулдашууда Бирликке кошумча кепилдиктерди берген, соодалык жөнгө салуунун транспаренттүүлүгү боюнча милдеттенмелер каралган. Алсак, КЭРдин Бирликтин кызыкдар жактарынын ишмердигине таасир тийгизген бардык чаралары менен эркин форматта таанышып, түшүндүрмөлөрдү калтырууга болот.

Мындан сырткары, Макулдашуу аркылуу Бирликтин, Беларусь Республикасынын (Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу процессинде) жана Кытайдын ортосунда БСУнун негизги принциптеринин – кыйла жагымдуу шарт түзүү режиминин жана улуттук режимдин аткарылышынын укуктук кепилдиктери орнотулат. 

Ошондой эле, Бирликтин иш-тажрыйбасында алгачкы жолу макулдашууга жоболордун принципиалдуу жаңы топтому киргизилди, алардын максаты – Кытай менен экономиканын бардык негизги секторлору боюнча тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү. Тармактык диалогдорду түзүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду аныктоого жана ишке ашырууга багытталган конкреттүү иш-аракет пландарын иштеп чыгуу каралган. 

"Бул "даяр долбоорлорго" ылайыкталган макулдашуу эмес. Бул анын тараптарына гана пайда алып келиши мүмкүн болгон эмес, бүткүл регионго да оң таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жаңы долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү үчүн документ болуп саналат", – деп ЕЭК министри Вероника Никишина корутундулады.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

25-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну күчүнө кирди. Бардык тараптар керектүү ратификациялык жол-жоболорду аткарышты. Документке 2018-жылдын 17-майында Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлган.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Trade

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 16:12 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:05 by admin