Pages: 25-10-2019-4
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-4

Title

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин жана КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кытай менен биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин бүгүн Москвада (Россия Федерациясы) өтүп жаткан отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кытай менен биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. 

Биргелешкен билдирүү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде жана КЭРде жогорку маани берилген көп тараптуу өнөктөштүк мамилелердин маанилүүлүгүн, ошондой эле макулдашуулардын иш жүзүндө импелементацияланышына өбөлгө түзүүгө багытталган.

Билдирүү Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румастын, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин, ошондой эле КЭРдин Өкмөт башчысы Ли Кэцяндын атынан жасалды. 

Маалымат: 

Макулдашуу бирдиктүү субъект катары Бирликтин жана КЭРдин ортосунда маселелердин кеңири спектри боюнча соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн укуктук базасын түзөт.

Аталган макулдашуу өзүнүн форматы боюнча эркин соода жөнүндө макулдашуу болуп саналбайт – анын жоболорунда алып келүү бажы алымдарын төмөндөтүү же жоюу каралган эмес. 

Макулдашуунун максаты – жөнгө салуу тутумдарынын транспаренттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, соода жол-жоболорун жеңилдетүү, ошондой эле кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү.

 

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу

БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮ 

2018-жыл, 17-май

Биз, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү болуп саналган, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары жана Кытай Эл Республикасынын өкмөт башчысы,

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин – Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын – жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы салттуу достук жана бекем экономикалык жана соода байланыштарды тастыктайбыз,

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара соода байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактардагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн шарттарды мыктылоону каалайбыз,

бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн басмырлабоочу негизде инклюзивдүү катышуусун караштырган ачык, ырааттуу жана алдын ала айтууга боло турган соода саясатын жакташыбызды билдиребиз, 

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) расмий түрдө күчүнө киришин жарыялайбыз,

Макулдашуунун күчүнө киришин биргелешкен экономикалык өнүгүү мейкиндигин түзүү, Евразия экономикалык бирлигинин жана "Бир алкак, бир жол" демилгесинин байланыштырылышы, ошондой эле Чоң Евразия өнөктөштүгү демилгесин жана Кытай Эл Республикасынын аталган демилгесин координацияланган өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам катары карайбыз,

Макулдашуу анын Тараптарынын ортосундагы соода-экономикалык чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана конструктивдүү диалогдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейбиз,

Макулдашуунун өз ара сооданы жана кооперацияны өнүктүрүүгө, ошондой эле кызматташтык институттарынын, анын ичинде Макулдашуу боюнча Биргелешкен комиссиянын тийиштүү ишин камсыз кылууга багытталган жоболорун иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти жакынкы убакта ийгиликтүү башталышынын маанилүүлүгүн белгилейбиз​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин бүгүн Москвада (Россия Федерациясы) өтүп жаткан отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кытай менен биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Trade

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 15:42 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:03 by admin