Евразия экономикалык
комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-2-ноябрда
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун чакыруусу боюнча
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын
кеңешинин Ташкентте (Өзбекстан) болуп өткөн отурумунда катышты.
Отурумда ШКУнун мүчө мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана
инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары жана
чаралары талкууланды. ШКУнун мүчө мамлекеттеринин көп тараптуу
соода-экономикалык кызматташтыгынын программасынын жаңы редакциясы, ошондой эле
соода, айыл чарба, экология, санариптештирүү, транзит жана транспорт жаатындагы
башка документтер кабыл алынды.
Маалымат
Сегиз өлкө ШКУнун мүчө мамлекеттери болуп саналат: Индия Республикасы,
Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан
Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан
Республикасы.
Төрт
өлкө ШКУнун алдындагы байкоочу мамлекет статусуна ээ: Афганистан Ислам
Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия
Республикасы.
Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча
өнөктөш болуп саналат: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа
Королдугу, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түрк Республикасы,
Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.