Pages: 05-11-2019-1
Version HistoryVersion History

Name

05-11-2019-1

Title

ЕАЭБде агроөнөр жай комплексиндеги тармактык приоритеттердин Бирликтеги жалпы тутуму түзүлүүдө

Comments

 

Contact

Кудаяров Уланбек Болотбекович

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

"Агроөнөр жай комплексиндеги тармактык приориттердин тутуму адистештирүүнү жана ресурстук камсыздоону эске алуу менен кошулган наркты түзүү чынжырларын оптималдаштырууга, Евразия регионунун өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 1-ноябрда Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган илимий конференцияда билдирди.

Жогорку технологиялуу АӨК продукциясынын бирдиктүү рынокторун түзүү үчүн тутумдун алкагында эки эл аралык келишим даярдалды: уруктарга жана асыл тукум продукциясына карата талаптарды бир түргө келтирүү боюнча. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын жүгүртүү жөнүндө макулдашуу ушул жылдын 23-мартында күчүнө кирген, Айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга Бирликтин өлкөлөрүнүн премьер-министрлери ушул жылдын 25-октябрында кол коюшту.

Асыл тукум продукциясы боюнча макулдашуу бул тармакта макулдашылган саясатты жүргүзүү үчүн негиз болуп калмакчы. Негизделген механизм жаныбарлардын генетикалык потенциалын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүү жана өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмдөрүн өстүрүүгө, ошондой эле анын импортунан көз карандылыкты төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Жыл сайын асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы бул эл аралык келишимди ишке ашыруудан жалпы экономикалык натыйжа дээрлик 1,3 млрд АКШ долларын түзөт деп белгиледи Александр Субботин.

Конференциянын катышуучулары ветеринардык жана зооинженердик кызматтардын заманбап жабдуулар, био- жана химиялык препараттар, медикаментоздук жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоонун башка каражаттары менен камсыз кылынган натыйжалуу иши ЕАЭБдин айыл чарбасынын жогорку технологиялуу өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналат.

Ошондой эле, дискуссиянын алкагында илимий-инновациялык чөйрөдөгү кооперация маселелери талкууланды. "Комиссия Бирликте инновациялык өндүрүштөрдү өнүктүрүү жана АӨКтөгү биргелешкен ИИТКИлерди ишке ашыруу үчүн бардык керектүү чараларды кабыл алды", – деп билдирди ЕЭК министри.

"Өндүрүштү, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясына жана азык-түлүккө карата ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык чараларды камсыз кылуу боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын биргелешкен иш-аракеттери Бирликте агроөнөр жай өндүрүшүн ийгиликтүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", – деп ишенет ЕЭК министри.

 

Маалымат

"Ардак белгиси" орденинин Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясы Беларусь Республикасынын агроөнөр жай комплекси үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча эң ири билим берүү жана илимий борборлордун бири болуп саналат.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

05.11.19

Image Caption

Announcement

"Агроөнөр жай комплексиндеги тармактык приориттердин тутуму адистештирүүнү жана ресурстук камсыздоону эске алуу менен кошулган наркты түзүү чынжырларын оптималдаштырууга, Евразия регионунун өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 1-ноябрда Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган илимий конференцияда билдирди.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Industry and agriculture

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 05.11.19 11:31 by Кудаяров Уланбек Болотбекович
Last modified at 02.12.19 17:36 by admin