Pages: 30-10-2019-2
Version HistoryVersion History

Name

30-10-2019-2

Title

ЕЭК ЕАЭБдин Бажы кодексин бизнестин жана мамлекеттик органдардын пикирин эске алуу менен аягына чыгара иштөөгө даяр

Comments

 

Contact

Артенян Вероника Варужановна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

001.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексин (ЕАЭБ БК) аягына чыгара тууралоо боюнча түзөтүүлөрдүн пакетин даярдоодо. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов Москвада Эл аралык бажы форумунда билдирди. 

 

Форум Федералдык бажы кызматы тарабынан уюштурулду. Жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш-чара мамлекеттик бийликтин жана бизнестин өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу жана тышкы экономикалык ишмердик жана бажылык тескөө-башкаруу чөйрөсүндөгү жаңы демилгелерди талкуулоо үчүн бир аянтчада чогулууга мүмкүндүк берет.

 

Министрдин чыгып сүйлөгөн сөзүнүн өзүнчө темасы БКнын ченемдерин колдонуу жана анын айрым жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча Комиссиянын Бирликтин мамлекеттеринин бажы органдары жана бизнес-коомдоштуктары менен өз ара араттенүүсүнө арналды. "Бүгүнкү күндө кодексти аягына чыгара тууралоо үчүн түзөтүүлөрдүн пакети даярдалууда деп айтууга болот. Ал бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитеттин чечимдеринин, Бирликтин мамлекеттик органдарынын сурамдарынын, ошондой эле кодекстин жоболорун талдоонун негизинде түзүлгөн. Демек, мындай иш үчүн зарыл болгон укуктук форматты түзүү жөнүндө маселе чечилүүдө. Биз аны жакынкы келечекте тараптар менен макулдашабыз деп ойлойм", – деди ЕЭК министри.

 

Нурлан Акматов "Бажы 2030: келечек траекториясы" деп аталган пленардык отурумда сүйлөгөн сөзүндө ЕАЭБдин Бажы кодексинин укуктук новацияларына, аны колдонуунун актуалдуу маселелерине, Комиссиянын бажы блогунун ченем чыгаруучу ишмердигинин натыйжаларына, ошондой эле ББажУ менен өз ара аракеттенүүгө көңүл бурду.

 

Бирликтин БК бажылык тескөө-башкаруунун электрондук документ жүгүртүүгө жана товарларды чыгаруудан кийинки бажылык контролго багытталган жаңы тенденциялары кирди. Ошону менен бажылык укук мамилелерин жөнгө салуудагы негизги мамилелер өзгөртүлдү. БКнын негизинде ЕАЭБде колдонулуучу бажылык документтерди толтуруу тартибин аныктоочу актылар актуалдаштырылды, жаңы документтерди толтуруунун формалары тартиби иштелип чыкты деп белгиледи министр. Электрондук бажылык документтердин 13 жаңы түзүмү кабыл алынды. 

 

Форумдун алкагында Нурлан Акматов Европа комиссиясынын салык салуу жана бажы бирлиги боюнча Генералдык директоратынын эл аралык жана жалпы маселелер боюнча директору Сабина Хенцлер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭКтин жана Европа бирлигинин ортосунда бажылык кызматташтыктын жана бажылык жөнгө салууну мыктылоонун актуалдуу маселелери боюнча мамилелерди түзүүнүн перспективалары каралды.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

30.10.19

Image Caption

Announcement

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексин (ЕАЭБ БК) аягына чыгара тууралоо боюнча түзөтүүлөрдүн пакетин даярдоодо. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов Москвада Эл аралык бажы форумунда билдирди.

Source

Show latest news in the block

No

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Customs cooperation

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 30.10.19 13:04 by Артенян Вероника Варужановна
Last modified at 02.12.19 17:23 by admin