Pages: 25-10-2019-10
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-10

Title

ЕӨАК жыйынтыктары

Comments

 

Contact

Тенюкова Елена Владимировна

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

IMG_4322.jpg

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Евразия өкмөттөр аралык кеңешининин (ЕӨАК) 25-октябрда Москвада (Россия Федерациясы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө соода кызматташтыгы, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн зер жана айыл чарба тармактарындагы жана бир катар башка тармактардагы кооперация маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жаатында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин жана
КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу билдирүүнү кабыл алышты.

Мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Сербия Республикасынын өкмөтүнүн Төрагасы Ана Брнабич
 ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары эл аралык макулдашууларга – ЕАЭБдин алкагында Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга, Бирликтин алкагында айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын зер тармагында да санариптештирүү жаатында бир катар чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин компетенция борборлорунун жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби бекитилди. Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү мүчө мамлекеттердин зер продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планын бекитишти.

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ошондой эле ардактуу конок катары Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасы Ана Брнабич катышышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Дмитрий Медведевге "отурумду уюштургандыгы, меймандостук жана салттуу жылуу кабыл алуу" үчүн ыраазчылык билдирди. Андан кийин ал Евразия экономикалык комиссиясынын ишине жогору баа берди: "Евразия экономикалык комиссиясы иштеп келе жаткан төрт жылдык мезгилдин ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчтүн эркин кыймылы принциптерин иш жүзүндө ишке ашыруу бөлүгүндө чындыгында чоң иш жасалды. Евразия экономикалык бирлигинин институттарын түзүү жана бекемдөө жаатында олуттуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болду. Биздин уюм эл аралык таанылуу жана кызматташтыктын көп тараптуу портфели менен дүйнөлүк экономикалык тутумда өзүнүн ордун жана ролун тастыктоо ишинде чоң кадам жасады деп сыймык менен айтууга болот".

Ошондой эле, Никол Пашинян Бирликтин ченемдик-укуктук базасын андан ары мыктылоо, алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу, экономиканын негизги тармактарындагы саясатты координациялоо, бизнеске бюрократиялык жүктөмдү азайтуу зарылчылыгы жөнүндө билдирди.

Өкмөттөр аралык кеңештин кымбат баалуу металлардарды, кымбат баалуу таштарды жана буюмдарды жүгүртүү жаатындагы чечими тууралуу сөз кылып жатып, Армениянын Премьер-министри мындай деди: "Кымбат баалуу металлдарды, кымбат баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды Бирликтин ичинде жүгүртүү үчүн шарттарды түзүү да маанилүү милдеттердин катарына кирет. Тийиштүү эл аралык келишимди түзүү мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарын түзүүгө багытталган, өз ара пайдалуу соода-экономикалык механизмдерди жаратууга мүмкүндүк берет. Келишим сынамык энтамгаларды өз ара таанылышынын жоктугуна байланыштуу учурдагы чектөөлөрдү жоюга мүмкүндүк берет. Мындай контекстте ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин зер продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү боюнча пландын бекитилиши, өз кезегинде, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт жана биздин өлкөлөрдө аталган тармактын өнүгүшүнө күчтүү импульс берет".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун алкагында Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Кытай Эл Республикасы менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашунун күчүнө кириши жөнүндө билдирүү менен чыгышкандыгына көңүл бурду. КЭР ошондой эле билдирүүнү таратты. "Бул биздин Бирликтин биз евразиялык бизнес үчүн болушунча ыңтайлуу болуу режимин түзүп жаткандыгыбыз менен байланыштуу чоң жетишкендиги, – деп баса белгиледи Тигран Саркисян, – жана бул Кытай менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда". Анын айтуусу боюнча, аталган макулдашуунун алкагында "биздин бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча, соода бүтүмдөрүн ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон ар түрдүү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жеңүү боюнча жаңы режимдер түзүлүүдө".

"Биз Евразия бренддерин калыптандыруу боюнча жаңы концепцияларды ишке салуудабыз,– деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Атап айтканда, Никол Воваевич белгилеп өткөндөй, бүгүн биз Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча макулдашууга кол койдук". Тигран Саркисяндын айтуусу боюнча, бул Евразия бренддерин түзүү боюнча алгачкы кадам болуп саналат, жана Бирликтин өлкөлөрү алардын бул жерде чоң потенциалы болгондуктан, зер тармагынан башташты, "жана биргелешкен иш-аракеттер биздин зер ишканаларыбыз өздөрүнүн продукцияларын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна сатуусуна жардам бериши мүмкүн".

"Биз төрт жылдын ичинде аткарылган иш жөнүндө отчётту көрсөттүк. Бул төрт жыл бар болгон жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында биргелешкен иш-аракеттер менен чечүү зарыл болгон көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берди", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян баса белгиледи.

ЕАЭБдин аймагында роумингди жоюу милдети коюлду. Тапшырма берилди, бул маселени иштеп чыгып, сунуштарды көрсөтүүчү жумушчу топ түзүлмөкчү.

Ошондой эле, Тигран Саркисян айтып өткөндөй, Комиссиянын Коллегиясынын жаңы курамы кандайча түзүлүшү жөнүндө маселе талкууланды. Өкмөттөр аралык кеңеш ЕЭКке, тышкы иштер министрлерине, евразиялык интеграция үчүн жооптуу ведомсвтолордун жетекчилигине ЕЭК Коллегиясынын алкагында министрдик портфелдерди ротациялык негизде алмаштырууга тапшырма берди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин жана КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу билдирүүнү кабыл алышты. Эскерте кетсек, аталган макулдашууга 2018-жылдын 17-майында Астанада (Казакстан Республикасы) кол коюлган.

Билдирүүнүн текстинде макулдашуунун күчүнө кириши биргелешкен экономикалык өнүгүү мейкиндигин түзүү, ЕАЭБдин жана "Бир алкак, бир жол" демилгесинин байланыштырылышы, ошондой эле Чоң Евразия өнөктөштүгү демилгесин жана Кытай Эл Республикасынын аталган демилгесин координацияланган өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам катары каралышы жөнүндө айтылат. Макулдашуу анын тараптарынын ортосундагы соода-экономикалык чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана конструктивдүү диалогдун өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү. Макулдашуунун өз ара сооданы жана кооперацияны өнүктүрүүгө, ошондой эле кызматташтык институттарынын, анын ичинде Макулдашуу боюнча Биргелешкен комиссиянын тийиштүү ишин камсыз кылууга багытталган жоболорун иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти жакынкы убакта ийгиликтүү башталышынын маанилүүлүгүн белгиленет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда ЕАЭБдин алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу кымбат баалуу металлдарды жана кымбат баалуу таштарды жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелерин гана эмес, зер тармагындагы укуктук жөнгө салууну шайкеш келтирүү маселелерин да камтыйт. Документти ишке ашыруу зер буюмдарынын сынамык энтамгаларынын өз ара таанылышын камсыз кылат, бул Бирликте кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын жалпы рыногун түзүүдөгү маанилүү баскыч болуп калат, Бирликте зер буюмдарынын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат жана бизнес үчүн трансакциялык чыгымдарды азайтат. Ошентип, ЕАЭБдин ички рыногундагы алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча 2018–2019-жылдарга карата "жол картасында" камтылган дагы бир тоскоолдук жоюлмакчы.

Күтүлгөн натыйжалар – өз ара сооданын өсүшү, рынокто атаандаштык шарттарынын жакшырышы жана натыйжа катары – аяккы керектөөчү үчүн зер буюмдарынын наркынын төмөндөшү. Албетте, бул жалпы эле зер тармагы үчүн мультипликативдик таасир бериши мүмкүн, анткени өз ара сооданын шарттарынын жакшырышы, мисалы, кымбат баалуу металлдарды аффинаждоо, кымбат баалуу таштарды кырдап кесүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө Бирликтин өлкөлөрүндө зер буюмдарын жүгүртүү жаатындагы талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чаралары бири-биринен айырмаланат, бул чөйрөдөгү мамлекеттик контролдоо тутуму да ар түрдүү. Макулдашуунун күчүнө кириши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн зер рыногунун катышуучуларына өз ара сооданын потенциалын ишке ашырууга, жаңы рынокторго чыгууга жана кооперациянын аркасында өз ара пайда алууга мүмкүндүк берет.

Макулдашуу Бирликтин ички зер рыногунун ачыктыгын жогорулатууга жардам берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укукутуу органдары зер буюмдарынын аныктыгын контролдоо үчүн мамлекеттик көзөмөлгө карата мамилелерди бир түргө келтирүү жөнүндө келишишти. ЕЭК зер рыногундагы контрафакттын үлүшүнүн азайышын күтүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү Евразиянын зер рыногунда жүгүртүлүүчү зер буюмдарынын сапатынан кам санабаса болот.

Өкмөттөр аралык кеңеш Бирликтин мүчө мамлекеттеринин зер продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

План үч блокко бөлүнгөн. Биринчи блок зер тармагынын өндүрүүчүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тиешелүү жана, биринчи кезекте, Евразия зер экспорттук бюросунун концепциясын иштеп чыгууну караштырат. Концепция 2020-жылда көрсөтүлмөкчү. Ошол эле блоктун алкагында ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралган.

Экинчи блок зер продукциясынын экспортун колдоо боюнча биринчи кезектеги чараларды ишке ашырууга арналган, Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна мониторинг жүргүзүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен соода инфраструктурасын пайдалануу менен зер продукциясын илгерилетүү боюнча сунуштарды даярдоо жана конференцияларда жана көргөзмөлөрдө катышуу сыяктуу иш-чараларды камтыйт. Ошондой эле, зер продукциясын өндүрүүчүлөрдү демилгелөөнүн кошумча механизмдерин түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу каралган.

Үчүнчү блок зеп продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүүнүн кошумча механизмдерин иштеп чыгууну жана түзүүнү сунуштоо менен, иш-чаралардын буга чейинки тобун толуктайт. Буга башкалар менен катар жеке жактардын дарегине эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жол-жоболоштурууда кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү жана жүгүртүү жаатындагы мамлекеттик контролдон өтүү тартибин жеңилдетүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу кирет.

Каралган иш-чараларды Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте ишке ашырмакчы.

ЕӨАК Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин компетенция борборлорунун жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин бекитти.

 

Биргелешкен долбоорлорду жана санариптик трансформацияны ишке ашыруу, кооперациянын жаңы механизмдерин түзүү, ошондой эле санариптик комптенецияларды өнүктүрүү үчүн, катышуучу өлкө компетенциялар борборун же ар башка долбоордук багыттар жана Бирликтин санариптик күн тартибинин приоритеттери боюнча бир нече мындай борборлорду аныктайт жана аларга тийиштүү ыйгарым укуктарды берет.

Документте Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында демилгелерди жана долбоордук ишмердикти иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү үчүн мүчө мамлекеттердин компетенция борборлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы эрежелери, алардын негизги функциялары көрсөтүлгөн.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБдин алкагында айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Макулдашуу асыл тукум мал чарбасы тармагында макулдашылган саясатты жүргүзүү үчүн негиз болуп калмакчы. Негизделген механизм жаныбарлардын генетикалык потенциалын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүү жана өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмдөрүн өстүрүүгө, ошондой эле анын импортунан көз карандылыкты төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Өкмөттөр аралык кеңеш "даярдоочу ыйгарым укук берген жак" түшүнүгүн пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

Ал Бирликтин мамлекеттери тарабынан бул түшүнүктүн бир түрдө пайдаланылышы аркылуу ЕАЭБдин жалпы рыногун коопсуз эмес продукциянын алып келинишинен коргоого жардам берет.

Чет элдик даярдоочу ыйгарым укук берген жак сериялуу чыгарылуучу чет элдик продукцияны сертификаттоого өтүнмө берүүчү болушу мүмкүн болгон шарттар аныкталды.

Өкмөттөр аралык кеңештин чечиминин ишке ашырылышы продукциянын шайкештигин баалоо баскычында эле аталган ыйгарым укук берилген жактардын ыйгарым укуктарын жана продукцияны Бирликте жүгүртүүгө чыгарууда алардын чет элдик даярдоочунун атынан иш-аракеттерди аткаруу боюнча компетенцияларын талдоого, ошондой эле продукциянын коопсуздугу үчүн алардын жоопкерчилигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 2020-жылдын 30-31-январында Алматада (Казакстан) өткөрүлмөкчү.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

ЕӨАК жыйынтыктары: ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосунда ЭСЗ жөнүндө, кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операциялардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө, айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук ишти бир түргө келтирүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду, КЭР менен Соода кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешининин (ЕӨАК) 25-октябрда Москвада (Россия Федерациясы) болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө соода кызматташтыгы, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн зер жана айыл чарба тармактарындагы жана бир катар башка тармактардагы кооперация маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү жаатында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

Yes

Show in media block

No

Category

News

Department

Chairman of the EEC Board; Trade; Industry and agriculture; Technical Regulation; Internal markets, informatization, information and communication technologies

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

/ru/nae/photos/Photogallery/Евразийский межправительственный совет 25 октября 2019 года

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 22:45 by Тенюкова Елена Владимировна
Last modified at 02.12.19 17:14 by admin