Pages: 25-10-2019-8
Version HistoryVersion History

Name

25-10-2019-8

Title

ЕЭК министри Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин жана Кубанын диалогунун көңүл борборунда – өз ара сооданы жана инвестицияларды олуттуу түрдө өстүрүү"

Comments

 

Contact

Горваль Артём Ефимович

Contact E-Mail Address

 

Contact Name

 

Contact Picture

 

Rollup Image

 

Target Audiences

No targeting

Page Image

 

Page Content

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин ноябрдын биринчи он күндүгүнө пландаштырылган Кубага иш сапарынын алдында ал аталган республиканын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барды. Сапарынын жүрүшүндө ЕЭК министри жана Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисас Руис кызматташтык маселелеринин бүткүл спектри боюнча "сааттарын салыштырышты".

Аталган жолугушуу 2018-жылдын 31-майында кол коюлган ЕЭКтин жана Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагындагы кызматташтыкты, меморандумга ылайык түзүлгөн жумушчу топтун ишмердигин, ошондой эле ушул жылдын февралында бекитилген иш-аракеттердин планын ишке ашырылышын талкуулоого арналды.

Сергей Глазьев жана анын кубалык кесиптеши ар түрдүү деңгээлдеги байланыштардын жогорку динамикасын белгилешти жана ЕЭКтин функционалдык блокторунун, Кубанын мамлекеттик башкаруу жана пландоо органдарынын, ошондой эле ишкердик коомдоштуктардын ортосундагы тике тармактык диалогго чыгуу контекстинде биргелешкен ишти андан ары активдештирүүнүн зарылчылыгы жөнүндө макулдашышты. Мындай диалог евразиялык экономикалык интеграциянын жетишкендиктерин, ошондой эле Куба Республикасынын жаңыланган экономикалык саясатынын өзү жөнүндө билдирген таасирлерин толугу менен эске алууга арналгандыгы баса белгиленди.

Сергей Глазьев жана Рикардо Кабрисас Руис ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын өз ара аракеттенүүсү көп жылдык достукка жана өнөктөштүккө негизделген, туруктуу жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ экендигин тастыкташты. Бирок түзөтүүгө боло турган бир катар факторлор тараптардын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын потенциалынын ишке ашырылышын басаңдатууда.

Кубанын жана ЕАЭБдин өз ара аракеттенүүсүнүн ар түрдүү чектегичтери ЕЭК министринин аталган республикага сапарынын жүрүшүндө талкуулоонун жана кызматташтыкты толуктоо боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуунун предмети болмокчу. Евразия министринин Кубанын расмий адамдары тарабынан күтүлгөн сапары, жалпы пикир боюнча, тармактык диалогду өнүктүрүүдөгү иш жүзүндөгү натыйжаларга жетүү, соода агымдарын диверсификациялоо, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болгон ири долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу жолундагы олуттуу кадам болуп калмакчы.​

Summary Links

Byline

 

Article Date

25.10.19

Image Caption

Announcement

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин ноябрдын биринчи он күндүгүнө пландаштырылган Кубага иш сапарынын алдында ал аталган республиканын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барды. Сапарынын жүрүшүндө ЕЭК министри жана Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисас Руис кызматташтык маселелеринин бүткүл спектри боюнча "сааттарын салыштырышты".

Source

Show latest news in the block

Yes

Important

No

Show in media block

No

Category

News

Department

Integration and Macroeconomics

Направление деятельности

 

Направление деятельности_0

 

SelectedAlbumUrl

 

SelectedVideoId

0
Content Type: Новость
Version: 2.0
Created at 25.10.19 17:10 by Горваль Артём Ефимович
Last modified at 02.12.19 17:08 by admin