Sign In
Жыл аягына чейин Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарлардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат

Жыл аягына чейин Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарлардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат

07.10.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 6-октябрдагы чечими менен Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу мөөнөтү макулдашылды. Мөөнөттү узартуу сунушу менен Комиссияга Комиссиянын Кеңешинин төрагасы Игорь Петришенко кайрылган.

Социалдык маанилүү товарлардын тизмесине 18 товардык позициялар киргизилген: сүт азыктары, эт, ак май жана күн карама майы, балдар тамак-аш азыктары, картофель, дан азыктары ж.б.

ЕЭК Коллегиясынын чечими COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын экинчи толкуну келиши мүмкүнчүлүгүн эске алганда, республикада социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшүн ооздуктоого жардам берет.

Буга чейин Комиссиянын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын катышуусунда консультацияларды өткөрүп, алар беларуссиялык тараптын сунушу менен макул болушкан.​