Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ЕАЭБ өлкөлөрүнү өкмөт башчылары КР Президенти Алмазбек Атамбев менен жолугушууга катышышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ЕАЭБ өлкөлөрүнү өкмөт башчылары КР Президенти Алмазбек Атамбев менен жолугушууга катышышты.

07.03.17

7-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тиграном Саркисян жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумуна катышуучу өкмөт башчылары менен жолугушту.

Алмазбек Атамбаев Евразия өкмөттөр аралык кеңештин  бүгүнкү отуруму Евразия экономикалык биримдиктин алкагында андан ары өз ара иш жүргүзүү үчүн актуалдуу жана маанилүү маселелерди  чечүү боюнча конструктивдүү жана мазмундуу пикир алмашуу үчүн иштиктүү аянтча болооруна ишенээрин билдирди.

Отурум Бишкекте Кыргыз Республикасынын ЕАЭБда төрагылыгынын алкагында өтөт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин  отурумунда ЕАЭБдин интеграциялык потенциал маселелери, өз ара соода, Биримдиктин санарип күн тартибин ишке ашыруу, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелери талкууланат.