Sign In
ЕЭКтин Агроөнөржай саясаты боюнча консультативдик комитетинин отурумунда макулдашылган агроөнөржай саясатын жүзөгө ашыруу процесси талкууланды

ЕЭКтин Агроөнөржай саясаты боюнча консультативдик комитетинин отурумунда макулдашылган агроөнөржай саясатын жүзөгө ашыруу процесси талкууланды

26.10.15

26-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтында Агроөнөржай саясаты боюнча, консультативдик комитетинин тогузунчу отурумунун майданында, ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча, Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында өткөн бул отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимди жана Макулдашылган агроөнөр жай саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча, иш чаралардын планын өнүктүрүүгө багытталган документтерди даярдоо маселелерин талкуулашты.

Катышуучулар соодага өзгөртүүчү таасирин тийгизүүчү Айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун уруксат берилген деңгээлин эсептөө методологиясынын долбоорун талкуулоого өзгөчө көңүл бөлүштү. Документ Биримдикте айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун көлөмүн жана ченемдеринин деңгээлин эсептөөнүн бир түрдүү тартибин камсыздоого багытталган.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Тараптар ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн индикативдик көрсөткүчтөрүн божомолдоонун методологиясын жактырышты. Документ Тараптардын тийиштүү ыйгарымдуу органдарына жөнөтүлмөкчү. Индикативдик көрсөткүчтөрдүн негизинде Комиссия ЕАЭБтин агроөнөржай комплекстеринин өнүгүүсүнүн божомолдорун түзөт.

Ошондой эле, Комитет тарабынан Комиссиянын Коллегиясынын айыл чарба продукцияларынын жана азык-түлүктөрүнүн экспорту боюнча, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин сатуу жана маркетингдик саясатын координациялоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоору макулдашылды. Бул иштердин алкагында Комиссия ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн айыл чарба товарларынын экспортун кеңейтүү боюнча сунуштарды, ошондой эле, айыл чарбачылыгынын экспортун колдоонун мүчө мамлекеттерде колдонулган чаралары жана механизмдери жөнүндө, эл аралык тармактык көргөзмөлөрдүн ишкердик программаларынын алкагында биргелешкен иш чараларды өткөрүүнүн пландары жөнүндө Биримдик боюнча жыйналган маалыматтарды даярдайт.

Комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн асыл тукум мал чарбасы жаатындагы саясаты жөнүндө макулдашуунун долбоорунун даярдыгы жогору экенин белгилешти. Макулдашуу ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда тукумдук продукциялардын айланымына байланыштуу мамилелерди жөнгө салууга багытталган жана Биримдиктин өлкөлөрүндө асыл тукумдуу жаныбарларды багууда колдонулган талаптарды жана ыкмаларды унификациялоого арналган.

Бул Макулдашууну кабыл алуу асыл тукум продукцияларын өз ара таанууну камсыздап, бажы аймагы боюнча асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын айланымына байланыштуу талаптарды унификациялайт. Документ ЕАЭБтин мүчө өлкөлөрүнүн асыл тукумдуу баалуулуктарды геномдук баалоонун бирдиктүү моделдик эсебин колдонуу максатында айыл чарба жаныбарларынын референттик популяцияларын бириктирүү боюнча илимий мекемелеринин иштерин координациялоого мүмкүндүк берет. Бул нерсе асыл тукум продукцияларынын сапатын баалоонун эл аралык системасын колдонууга, импорттук асыл тукум материалынан көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү максатында, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин натыйжалуу асыл тукумдук базасын түзүүгө мүмкүндүк берет.